Ааламда коронавирус жуктургандардын саны 6 миллиондон ашты

© AFP / ARMEND NIMANIКоронавируска тест жасап жаткан медицина кызматкери
Коронавируска тест жасап жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пандемия башталгандан бери жер жүзүндө 369,1 миң адам көз жумду. Коронавирус жуктурган жана каза тапкан мамлекеттердин сап башында Америка турат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын жуктурган адамдардын саны 6 миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин сайтында жазылган.

Ситуация в Китае из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Ухандан чыккан эмес. Кытай окумуштуулары коронавирустун очогун иликтөөдө
Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы жонунан вируска кабылгандардын саны 6 миллион 60 миң кишиге жетти. Пандемия башталгандан бери 369,1 миң адам көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча АКШда инфекциянын эң көп учуру аныкталды, ал жакта ооругандардын саны 1,7 миллиондон ашат. Экинчи орунда Бразилия турат, жуктургандарды саны 498 миңден көп. Үчүнчү сапта Россия, ал мамлекетте вирустун 396,5 миң учуру катталган.

Коронавирустан каза тапкандар боюнча дагы Америка алдыга чыкты. Өлкөдө 103,781 адам көз жумган.

Жаңылыктар түрмөгү
0