Америкада депрессияга түшүп, тынчсыздангандар кескин көбөйдү

© REUTERS / ANDREW KELLYНью-Йорк шаарынын Таймс-сквериндеги көчө шыпыргыч
Нью-Йорк шаарынын Таймс-сквериндеги көчө шыпыргыч - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Эл каттоо кызматы пандемиянын ар кайсы тармакка тийгизген таасирин баалоо үчүн жума сайын сурамжылоо жүргүзө баштады.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Америкада пандемия башталгандан бери депрессия менен тынчсызданууга кабылгандар кескин көбөйдү. Бул тууралуу Washington Post АКШнын Эл каттоо кызматынын изилдөөсүнө таянып жазды.

Бюро апрелдин аягында жумушка орношуу, финансы, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүнө пандемиянын тийгизген таасирин баалоо үчүн жума сайын сурамжылоо жүргүзө баштаган. Акыркы сурамжылоо 7-майдан 12-майга чейин жүргүзүлүп, ага 42 миң респондент катышкан. Анда адамдардын психикалык абалын билүү үчүн төрт суроо берилген.

Киши бетин жабып отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орто жаштагы адамдар эмне себептен стресске көп кабылат? Иликтөө
Басылманын маалыматы боюнча, иликтөөгө катышкандардын 24 пайызында олуттуу депрессиянын белгилери аныкталса, 30 пайызында тынчсыздануу байкалган. Мындай симптомдор көбүнчө жаштарда кездешкени айтылат. Ошондой эле эркектерге караганда аялдарда тынчсыздануу менен депрессия көп катталган.

Адистер пандемияга чейин бул көрсөткүч кыйла ылдый болгонун белгилешет. Маселен, 2014-жылы сурамжылоого катышкандардын 25 пайызы маанайы чөгүп жүргөнүн айткан. 2020-жылы бул статистика 50 пайызга өскөн. Анын 10 пайызы күн сайын маанайы жок экендигин билдиришкен.

АКШнын калкты каттоо бюросу үч ай ичинде жума сайын сурамжылоо өткөрүүнү ниеттенип жатат.

Америка COVID-19 инфекциясы аныкталган учурлардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Ал жакта ооругандардын саны 1 миллион 600 миңден ашып, жүз миңден көп киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0