Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛаборатория по производству реагентов для экспресс-тестов на коронавирус в "Сколково"
Лаборатория по производству реагентов для экспресс-тестов на коронавирус в Сколково - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин япон вакцинасын клиникалык сыноодон өткөрүү сентябрга белгиленип, кийин августка жылдырылган. Эми июлда ишке ашары күтүлүүдө.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Япониянын COVID-19 инфекциясына каршы иштеп чыккан вакцинасы июлда клиникалык сынактан өтөт. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Ооруканада медициналык кызматкер. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Америка ДССУну каржылоодон баш тартса ким жабыркай турганы айтылды
Бул сынак Осако университети менен биргеликте өткөрүлөт. Маалыматка ылайык, учурда вакцинанын жаныбарларга жасалган экспериментинде антитело иштелип чыккан.

Буга чейин аталган вакцинаны клиникалык сыноодон өткөрүү сентябрга белгиленгени менен кийин аны августка жылдырышкан. Эми ал июлда болору айтылууда. Эгер анын эффективдүүлүгү тастыкталса, анда ушул жылдын аягына чейин колдонууга берилери айтылат.

Сыноо эки ооруканада өткөрүлүп, анда ондогон адамдарга эксперимент жасалат. Жыйынтыгы сентябрда билинмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0