Америка ДССУну каржылоодон баш тартса ким жабыркай турганы айтылды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОоруканада медициналык кызматкер. Архив
Ооруканада медициналык кызматкер. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 26-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 5 515 109га жетти.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. АКШнын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун (ДССУ) каржылоодон баш тартышы Африка өлкөлөрүнө пандемия менен күрөштө терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу ДССУнун Африкадагы өкүлү Михель Яого таянып РИА Новости жазды.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп аталган уюмдун директору Тедрос Адханомго 30 күн ичинде ДССУ  Кошмо Штаттар талап кылып жаткан реформаларды ишке ашырбаса, уюмга акча бөлүүнү токтото турганын билдирген. Ошондой эле мүчөлүктөн чыгып кетерин дагы айткан. Президенттин пикиринде, уюм коронавирус пандемиясына жетиштүү тез реакция кылган эмес.

"Азыр ушул сыяктуу төлөмдөрдөн баш тарта турган убакыт эмес. Тетиринче, тилектештик керек. Балким, өнүккөн өлкөлөр ДССУга көп муктаж эместир, бирок биздин континент үчүн уюм абдан керек. Бизде азыр узакка созулган кризисти баштан кечирип жаткан өлкөлөр бар", — деди Яо.

Анын айтымында, учурда Африка өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо тармагына колдоо катары түшкөн каражаттын 80 пайызы ДССУдан келет. Ал эми АКШнын андагы үлүшү 20 пайызды түзөт.

Вектор вирусология борбордун кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Вектор" COVID-19га каршы вакцинанын сынала башталчу күнүн айтты
"Бул бюджеттин кыскартылышы, албетте, бизге абдан эле сезилээрлик болот. АКШнын салымы биз үчүн өтө маанилүү", — деди Яо.

Ошондой эле бул көйгөй учурда коронавирус инфекциясы менен күрөшүп жаткан медиктерге дагы терс таасирин тийгизиши ыктымал. Алардан тышкары Африкада безгек, Эбола сыяктуу өлүмгө алып келген илдеттер көп.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 26-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 5 515 109га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0