Facebook кызматкерлеринин теңин аралыктан иштөөгө өткөрмөкчү

© REUTERS / Dado Ruvic / File PhotoДеятельность соцсети Facebook
Деятельность соцсети Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Цукерберг белгилегендей, дистанттык вакансияларды түзүү Facebook компаниясына башка шаарлардан жана өлкөлөрдөн таланттуу адамдарды тартууга мүмкүндүк берет.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жакынкы бир нече жылда Facebook 48 миң кызматкеринин жарымын дайыма аралыктан иштегенге өткөрөт. Бул тууралуу компаниянын директору Марк Цукерберг жумушчулары менен жолукканда билдиргенин The New York Times жазды.

Ошондой эле ал бул тууралуу The Verge гезитине берген маегинде да айткан.

Цукербергдин айтымында, учурда Facebook кызматкерлеринин 40 пайызы үйдөн иштөө каалоосун билдиришкен.

"Албетте, COVID-19 биздин жашообузду, ишибизди бир топ өзгөрттү. Бул мезгилден кийин аралыкта иштөө тенденцияга айланат деп ишенем", — деген компаниянын башчысы.

Twitter логотип фонунда телефондорду кармаган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Twitter кызматкерлерине кеңсеге келбей эле биротоло үйдөн иштөөгө уруксат берди
Цукерберг белгилегендей, дистанттык вакансияларды түзүү Facebook компаниясына башка шаарлардан жана өлкөлөрдөн таланттуу адамдарды тартууга мүмкүндүк берет. Себеби бардык эле киши жумуш үчүн жер которгусу келбейт.

Бирок алгач Американын жер-жерлериндеги улук инженерлерди аралыктан иштөөгө штатка алышат. Ал эми компаниянын учурдагы айрым кызматкерлери, тагыраагы, жогорку көрсөткүчкө ээ болгондору гана пандемиядан кийин алыстан эмгектенет. Убакыттын өтүшү менен жумуштун бул түрүн башка бөлүмдөрдө жайылтышат.

Facebook сырттан иштей турчуларды 2021-жылдын 1-январына чейин тизмектейт. Алардын жашаган жерине жараша эмгек акы менен компенсациялары өзгөртүлүшү мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0