ДССУ коронавируска каршы препаратты сыноону токтотту. Аны КР дагы алган

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Препарат коронавирус менен ооругандардын өлүм тобокелдигин жогорулатышы мүмкүн деген тыянак чыккандан кийин аны колдонууну бир нече мамлекет токтоткон.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму гидроксихлорокинди коронавирус инфекциясынан дарылоочу препарат катары сыноо бейтаптардын ден соолугуна кооптуу дегенден улам токтоп калганын билдирди. Бул тууралуу BBC жазды.

Буга чейин COVID-19 менен ооруган кыргызстандыктарды вируска каршы дары-дармек менен, анын ичинде гидроксихлорокин менен дарылап жатканы кабарланган болчу.

Препарат коронавирус менен ооругандардын өлүм тобокелдигин жогорулатышы мүмкүн деген тыянак жүргүзүлгөндөн кийин аны колдонууну бир нече мамлекет токтоткон.

"Гидроксихлорокин безгек жана башка ооруларга каршы натыйжалуу. Бирок эч бир клиникалык сыноо аны COVID-19ду дарылоо үчүн колдонууну сунуш кылган эмес", — деп айтылат маалыматта.

АКШнын президенти Дональд Трамп медициналык эскертүүлөргө карабастан ушул дарыны пайдаланган. Бирок жекшемби күнү андан баш тартканын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0