Коронавирус чымын-чиркей аркылуу жугушу мүмкүнбү? Адистердин пикири

© Фото / PixabayУкусы комаров
Укусы комаров  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер чымын, чиркейлердин жугуштуу ооруларды алып жүрүүсү мүмкүн экенин айтып, жай мезгилинде аларды тамак-ашка жолотпоо керектигин эскертет.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik.  Адамдын курт-кумурскалардан коронавирус жуктуруп алуу кооптуулугу өтө төмөн. Бул тууралуу Россиянын Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматына (Роспотребнадзор) таянып РИА Новости жазды.

"SARS-CoV-2 коронавирусу респиратордук вирустар тобуна кирет жана көбүнчө аба аркылуу жугат. Аны курт-кумурскалар биринен экинчи адамга жугузуп коюшу дээрлик мүмкүн эмес”, — деп айтылат кабарда.

Ошондой эле Роспотребнадзор мекемеси чымын, чиркей сыяктуу майда жандыктар башка жугуштуу ооруларды алып жүрүүсү мүмкүн экенин айтып, жай мезгилинде аларды тамак-ашка жолотпоону эскертти. Ошондой эле ачык жерде турган идиш-аякты колдоноор алдында сөзсүз чайкап алуу зарылдыгы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0