Учак беш үйгө кулап, 90у каза таап, экөө тирүү калды. Пакистандагы окуя

© REUTERS / AKHTAR SOOMROКрушение пассажирского самолета в Пакистане
Крушение пассажирского самолета в Пакистане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
А320 аэробусу Лахордон Карачи шаарын көздөй чыккан. Flightradar24 кызматынын маалыматына караганда, учак 1,5 сааттан кийин конууга багыт алып, бирок 84 метр бийиктиктен кулаган.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Бүгүн Пакистандын Карачи шаарында жүргүнчү ташып бара жатып кулаган учактан эки киши тирүү калды. Бул тууралуу РИА Новости Bol news агенттигине шилтеме кылып жазды.

Эске салсак, "Пакистандын эл аралык аба каттамдарынын" Airbus A320 учагы Лахор калаасынан Карачи шаарына учуп баратып аэропортко жакын жерден кулап, анда 90 адамдын каза болгону кабарланган.

Каналдын маалыматына караганда, жерде беш турак-жай жана автоунаалар жок болгон.

МиГ-31 аскер учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Асманда күйүп, жерге кулаган учак. Казак бийлиги себебин иликтеп баштады
Пакистандын Жарандык авиация башкармалыгынын өкүлү бортто 91 жүргүнчү жана экипаждын жети мүчөсү болгондугун билдирди. Синд провинциясынын өкүлдөрү эки кишинин аман калгандыгын айтышты.

А320 аэробусу Лахордон Карачи шаарын көздөй чыккан. Flightradar24 кызматынын маалыматына караганда, 1,5 сааттан кийин учак конууга багыт алып, бирок 84 метр бийиктиктен кулаган.

Аба кемеси аэропорттун жанындагы эл жашаган жерге түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0