Кара деңиз Россиянын толук көзөмөлүндө. НАТОнун аракетине жооп

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРабочая поездка президента РФ В. Путина в Южный федеральный округ
Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Южный федеральный округ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрү Кара деңизди ишенимдүү көзөмөлдөөдө. Бул — аймактагы туруктуулуктун кепилдиги жана АКШнын активдүүлүгүнө союздаштарынын мыйзам ченемдүү жообу.

Россиянын Аба-космостук күчтөрүнүн эки Ту-22М3 бомбалоочу-ракета алып жүрүүчүсү 19-май күнү Кара деңиздин бейтарап сууларынын үстүндө 4500 чакырымдай аралыкты багындырып, пландалган беш сааттык учушун аткарды. Бул боюнча аскерий баяндамачы Александр Хроленко кеңири токтолду.

Маршруттун айрым тилкелеринде ракета алып жүрүүчүлөр Түштүк аскердик округдун истребителдери тарабынан коштолду. Бейтарап суулардын үстүндө ошол убакта НАТО өлкөлөрүнүн учактары байкалган жок.

Стратегиялык өзөктүк ракеталык субмарина Князь Владимир долбоор 955A (шифр Борей-А) - Sputnik Кыргызстан
НАТОну санаага салып... Россия "Борей-А" жана "Ясень-М" субмариналарын чыгарды
Ыраак авиациянын россиялык учкучтары Арктика, Түндүк Атлантика, Тынч океан, Балтия жана Кара деңиздин үстүндө маал-маалы менен учуп турат. Учуштардын баары Аба мейкиндигин пайдалануунун эл аралык эрежелерин бекем сактайт. Ошол күнү активдүү аскердик даярдык бир эле убакта асманда, суу үстүндө жана Кара деңиздин түбүндө жүрдү. Ар түркүн топ анык максаттар менен бирдиктүү план боюнча интеграцияланган тапшырмаларды (милдеттерди) аткарды. Деңиздик полигондордо Кара деңиз флотунун эки ракеталык фрегаты – "Адмирал Макаров" жана "Адмирал Эссен" жалгыздап жана биргелешкен тапшырмаларды аткарып, комплекстик кеме окууларын өткөрүштү.

"Муромец" жана "Ейск" кайыктардан коргонуу чакан кемелеринин экипаждары шарттуу душмандын суу алдындагы кайыгын издеп, кыймылына байкоо салды, торпедалык атуулар боюнча машыгышты. Кайыктарга каршы коргонуу кемелери үчүн душмандын ролун "Колпино" дизелдик-электрдик субмаринасы ойноду. Аны менен катар Кара деңиз флотунун деңиздик полигондорунда ошол күнү бортунда 636.3 "Калибр" канаттуу ракеталары менен дагы бир суу алдындагы "Ростов-на-Дону" кайыгы сүзүп жүрдү. Бул субмарина Жер ортолук деңиз акваториясында Сириядагы Ислам мамлекети* согушкерлеринин командалык пунктуларына ракеталык сокку уруп, буталарын жок кылган "Варшавянкалардын" бири катары белгилүү.

Күч жана каражаттар

19-майда Кара деңизде жана абада аскердик мыкты тактикасын көрсөткөн Россия Федерациясынын авиация жана флотунун кызыгы арткан топко күбө болдук. Аймактагы коңшулары жана океандын ары жагынан чакырылбаган коноктордун Аскердик-деңиз флоту жана Куралдуу аба күчтөрүнүн ар түрдүү ала каражаттарынан төөлүк өйдө экенин көрсөтө алды. Негизги өзгөчөлүктөрүн карап чыгалы.

Кезек-кезеги менен карадеңиздик горизонтто пайда боло калчу айрым "кара деңизге жат" НАТОнун кемелери жана учак-чалгындоочуларынан (бомбалоочулары) айырмалана аскердик даярдыктын россиялык планы бардыгынын көрүнүктүү жана натыйжалуу интеграциялык ишин камтыйт. Кеп бул машыгуудагы адистердин жана аскердик техниканын санында да эмес, аны ишке ашыруудагы оперативдүү идеясы жана технологиялык деңгээли чоң мааниге ээ. Ту-22М3 ракета алып жүрүүчүлөрү Кара деңиздин үстүндөгү бир нече саат учуп, 4000 чакырымдан ашуун жол басты. Бирок чыгыштан батышка карай деңиз тегиздиги 1000 чакырымга (түндүктөн чыгышка – бул дагы аз) созулуп жатат.

Акваторияны текши кесип өтүү үчүн Ту-22М3 учагынын экипажына 30 мүнөттөй зарыл. Башкача айтканда, ракета алып жүрүүчүлөр өз куралын колдонууга даярдыкта аскердик күзөт режиминде "эллипсти тартышты". Учактардын бул көрсөткөнү баарына түшүнүктүү.

Көп режимдүү, үндөн да ылдам, канаттары өзгөртүлмөлүү Ту-22М3 бомбалоочу-ракета алып жүрүүчү учак стратегиялык жана ыкчам-тактикалык авиациянын арасында өз орду бар, дүйнөдө аналогу жок. Кеңири спектрдеги бийиктиктен, ар кандай жагдайда – саатына 1000-2300 чакырымга чейинки диапазондо жер үстүндөгү, деңиздеги буталарды (кыйраткыч авиа ташуучу) башкарылуучу ракеталар жана авиациялык бомба менен жок кылууга багытталган.

Истребитель F-35 - Sputnik Кыргызстан
100 млн. долларлык парадокс. F-35 истребителинин баага татыбаган сапаты
Айрыкча, Х-32, Х-101 (же өзөктүк куралы бар Х-102) канаттуу жана гипер үндүү ракеталарды кыймылга келтирүүнүн чегине жеткирүү үчүн кызмат кылат. Заманга бап жакшыртылган Ту-22М3 асманга дароо төрт X-47М2 "Кинжал" ракетасын көтөрүп чыга алат (максималдуу аскердик жүгү – 24 тонна). Май айынын башында Ту-22М3 бортунан заманбапташтырылган ракета алып жүрүүчүнүн версиясы үчүн атайын жасалган гипер үндүү жаңы ракетасы сыналган. 11356 долбоорунун "Адмирал Макаров" жана "Адмирал Эссен" өңдүү жаңы ракеталык фрегаттарынын машыгуулары да кем калышпайт. Алардын негизги куралдык жабдуусу – "Калибр" ракеталык комплекстери (балким "Оникс" ракетасы да пайдаланылат). Бул кемелер 400 чакырымга чейинки аралыктан деңиздеги бутаны жок кыла алат. Ал эми кургактагы буталарга ок атуу үчүн кайра жабдылган ЗМ-14 канаттуу ракетасы 2500 чакырымга чейинки аралыктан – Жер ортолук деңиздин басымдуу бөлүгүн жана Балтия аймагын толугу менен камтып душмандын объектилерин кыйрата алат.

Аскерий жабдылышы жана башкаруу каражаттары душмандын суу үстүндөгү кемелерине каршылык көрсөтүүгө, абадан чабуулдун чагылышына ("Штиль-1" көп каналдуу зениттик ракеталык комплекси), субмариналарды издөө жана жок кылууга (533-мм калибрдүү кош торпедалык эки аппарат) эсептелген. Фрегаттар да Ка-27 (аба чалгындоосу) тик учактары менен жабдылган.

Корпустун конструкциясында кеменин ракета жана авиация соккуларынан коргонуу жана көрүнбөстүгүн жогорулатуу үчүн "Стелс" технологиясы пайдаланылат. 4500 чакырымга чейин сүзүп, суу алдында 30 сутка жүрө алат. Кара деңиз флоту азыр 11356 долбоорунун үч фрегатына ээ, жалпы алты кеме (сериянын жалпы наркы – 80 млрд рублдин тегерегинде) алат. Бул кемелер өз базасына чанда кирет, дээрлик дайым Жер ортолук деңизде, ал тургай Инди океанында да аскердик кызмат өтөйт.

"Ростов-на-Дону" жана "Колпино" 19-майда суу үстүндөгү кемелерге учушун көрсөтүп, ошондой эле суу алдындагы душманды издөө жана жок кылуу боюнча биргелешкен окуу өткөрүштү (кезек-кезеги менен издөө, аңдуу жана чабуул коюу тактикаларын аткарышты).

Үчүнчү муундагы "Ростов-на-Дону" жана "Колпино" суу алдындагы кемелери – атайын Кара деңиз флоту үчүн курулган алты объектиден турган сериядагы 636.3 "Варшавянка" долбоорунун экинчи жана алтынчы субмариналары. Ар биринин жогорку тактыктагы "Калибр" канаттуу ракеталарына, 533 мм торпедалык аппараттарына, миналарга ээ. Ракеталык курал аскердик натыйжалуулугун бир нече ирет тастыктаган. Субмаринанын көзгө чалдыкпастыгынан улам бул долбоорду "кара туңгуюк" деп коюшат.

Чөмүлүү тереңдиги – 240 метр (жетер чеги – 300 метр). Суу алдында 400 миль сүзө алат. Суу үстүндөгү ылдамдыгы – 17 узел, суу алдында – 20 узел. Суу түбүндө 45 сутка жүрө алат. Экипаждын курамы 52 кишиден турат.

Куралдын жогоруда айтылган конфигурацияларын талдасак, Кара деңиз аймагында акыркы үлгүдө жабдылган душмандын объекти соо калары арсар деген бүтүм чыгарууга болот. Ту-22М3 ракета алып жүрүүчү, истребителдик авиация, суу үстүндөгү кеме жана субмариналар бир бүтүн аскердик организм сымал аракеттеништи. Эмнеге мунун баары аскердик даярдык планында 19-майга белгиленди? Мындай суроонун туулганы мыйзам ченемдүү.

РФтин аргасыз күчтөнүшү

Кара деңиз аймагында АКШ жана НАТОнун Аскердик-деңиз жана Аскердик-аба күчтөрүнүн оперативдүү активдүүлүгүнүн күч алышы Россия Федерациясынын Аба-космостук күчтөрү жана Аскердик-деңиз флотунун акылга сыярлык реакциясын жаратат. АКШнын алтынчы Аскердик-деңиз флотунун эскадралык мина алып жүрүүчү кемелери Кара деңизде мезгил-мезгили менен жылдыздуу, жол-жол туусу жана "Томагавк" канаттуу ракеталарын көрсөтүп калат.

Международный военно-технический форум Армия-2019. День третий - Sputnik Кыргызстан
Бура бастырбаган "Бумерангдын" экспорттук дарамети 1 млрд доллар. Артыкчылыгы
Болгария менен Румынияда аскерий инфраструктура жана материалдык каражаттардын корун, кабыл алууну уюштуруу жана альянстын күчтөрүн ыкчам жайылтуу үчүн алдыңкы координациялык борборлору түзүлөт.

Жакында эле румыниялык Câmpia Turzii авиабазасы АКШнын стратегиялык чабуулдук куралдарын жайылтуу аянтчасы болуп калды. Мурда Ту-22М3 ракета алып жүрүүчүлөрү Крымга Румынияда ракеталардан коргонуу да эмес, америкалык чабуулдук тутумунун ачылышына жооп катары жеткирилген.

РФ Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын маалыматына таянсак, НАТО өлкөлөрү 2016-жылдан бери аскерий чыгымдарын 130 миллиард долларга көбөйткөн. Ал эми 2024-жылга чейин 400 миллиард долларга жогорулатууга ниеттенүүдө.

Россиялык аскерий жетекчилердин баамында, машыгуулардын сценарийлери альянстын ири масштабдуу согуштук жаңжалга максаттуу багытталган даярдык экенин айгинелейт.

Москва кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көз салууга, аскердик-саясий жагдай кокус курчуп кетсе даяр болууга, тагыраак, армиясын, авиация жана флотун бекемдөөгө аргасыз.

* – РФте жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук топ

Жаңылыктар түрмөгү
0