Экономисттер COVID-19 адамга кандай пайда бергенин айтты

© KAZUHIRO NOGIБиржанын көрсөткүчтөрүн карап жаткан адам. Архив
Биржанын көрсөткүчтөрүн карап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдө пандемия жарыяланганына үч айга жакындап калды. Адистер ошондон бери адам баласы көп нерсени өздөштүрө алды деп эсептейт.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. COVID-19 адам баласынын жашоосун толугу менен өзгөрттү. Мисалы, санариптешүү, жумушка жаңыча көз караш, ден соолукка кылдат кам көрүү вирус жоголгон күндө дагы сакталып каларын Boston Consulting Group эл аралык уюмунун иликтөөлөрүнө таянып РИА Новости жазды.

"Карантиндик чектөөлөрдүн айынан адам баласы буга чейин болуп көрбөгөндөй тездикте ишин санариптештирди. Байланыш каражаттары болуп эсептелген жаңы технологияларды өздөштүрдү. Кызматкерлер мурдагыдан дагы ыкчамыраак болуп, жетекчилик жумушчуларынын ден соолугуна кам көргөндү үйрөндү", — деп айтылат макалада.

Медициналык кызматкерлер бейтаптардан коронавируска текшерип жатышат. Мейфилд-Хайтс, Огайо штаты, АКШ - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 миллиондон ашты
Мындан тышкары, чек аралар жабык болгондуктан товарлар, кызмат көрсөтүүлөр кардарга мурдагыдай тездикте жетпей калды. Мындан улам альтернативдүү жаңы кызматтар сунуштала баштады.

Ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү өздөрүнүн саламаттык сактоо тармагындагы артыкчылык жана кемчиликтерин даана көрүп, мындан ары аларды жолго коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Иликтөөчүлөр кошумчалагандай, баарынан маанилүүсү — адамдар бири-бирине жардам берип, кайрымдуулук акцияларын уюштурууну мурдагыдан дагы тереңирээк өздөштүрүштү.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 22-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 5 102 424кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0