Британия сентябрдан тарта COVID-19га каршы вакцина чыгарууга ниеттенүүдө

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фармацевтикалык компаниянын адистери вакцинаны Оксфорд университетинин окумуштуулары менен биргеликте иштеп чыгып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Коронавируска каршы сыналып жаткан тесттердин жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, Улуу Британия сентябрдан тарта COVID-19 менен күрөшүүчү вакциналарды массалык түрдө чыгара баштайт. Бул тууралуу Sputnik Белоруссия Британиянын AstraZenecа дары-дармек компаниясынын маалыматына таянып кабарлады.

Билдирмеге ылайык, аталган фармацевтикалык компаниянын адистери вакцинаны Оксфорд университетинин окумуштуулары менен биргеликте иштеп чыгууда.

"Компания 400 миллион дозалык вакцина иштеп чыгып, таратуу боюнча биринчи келишимин түзүп, кайра миллиарддай вакцинаны өндүрүүнү каржылап койду. Алар 2020-жылдын сентябрь айында таратыла баштайт", — деп айтылат маалыматта.

Медициналык кызматкерлер бейтаптардан коронавируска текшерип жатышат. Мейфилд-Хайтс, Огайо штаты, АКШ - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 миллиондон ашты
Маалым болгондой, Англияда коронавируска каршы сыналып жаткан тестирлөөнүн биринчи фазасы болгон. Эгер жыйынтыгы ийгиликтүү болсо, аны башка өлкөлөрдө колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Ошондой эле баары пландагыдай болуп калса, Улуу Британиянын 30 миллионго чукул эли сентябрда вакцина алып калышы божомолдонду.

Белгилей кетсек, АКШнын өкмөтү коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууга миллиарддаган доллар бөлгөн. Тестирлөөнүн жыйынтыгы жакшы чыкса, аталган фармацевтикалык компания АКШга 300 миллионго чукул вакцина берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0