Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 5 миллиондон ашты

© AP Photo / Tony DejakМедициналык кызматкерлер бейтаптардан коронавируска текшерип жатышат. Мейфилд-Хайтс, Огайо штаты, АКШ
Медициналык кызматкерлер бейтаптардан коронавируска текшерип жатышат. Мейфилд-Хайтс, Огайо штаты, АКШ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 аныкталган бейтаптардын ичинен 328 миң киши каза болуп, 1 миллион 900 миң бейтап айыгып чыкканы айтылды.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны беш миллиондон ашты, тагыраагы, 5 000 561 адам болду. Бул тууралуу Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтына жарыяланды.

Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайлык окумуштуулар эркектердин уругунан коронавирус табышты
Маалыматка ылайык, вирус дүйнөдө 188 мамлекетти каптаган.

Анын ичинен вирус көп катталган мамлекеттердин сап башында АКШ (1,5 миллиондон ашык адам) турат. Экинчи катарда Россия (308 миңден ашык), үчүнчү орунда Бразилия (291 579), төртүнчүдө Улуу Британия (249 619), бешинчи орунда Испания (232 555) турат.

COVID-19 аныкталган бейтаптардын ичинен 328 миң киши каза болуп, 1 миллион 900 миң бейтап айыгып чыкканы айтылды.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган.

Ал эми Кыргызстанда 21-майга карата коронавирус 1313 кишиден табылса, анын 929у айыгып, 14ү каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0