Түштүк Африкада коронавирустан жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калды

© AP Photo / Teresa CrawfordТөрөт үйүндө ымыркай. Архив
Төрөт үйүндө ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Наристе өзү ара төрөлүп, энесинин ичинен түшкөндө эле дем алуусу оор болгондуктан, дарыгерлер аны жасалма аппаратка туташтырышкан.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Түштүк Африкада коронавирус жуктурган ымыркай чарчап калган алгачкы учур катталганын РИА Новости өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин порталына шилтеме берип жазды.

"Тилекке каршы, COVID-19 жуктуруп алган ымыркай чарчап калды. Бул бизде наристе каза болгон биринчи учур. Кеп эки күн мурун жарыкка келген бала тууралуу болуп жатат. Ал өзү ара төрөлүп, ошондо эле дем алуусу оор болгондуктан жасалма аппаратка туташтырганбыз. Анын энеси COVID-19 инфекциясын жуктурган экен, баласын текшере келгенде андан да чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Түштүк Африкада коронавирус жалпысынан 18 003 кишиден аныкталган. Анын 339у оорунун кесепетинен каза болсо, 8 950 бейтап сакайып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0