Дүйнөлүк банк пандемия 60 миллиондой адамды жакырлантарын божомолдоду

© REUTERS / AKHTAR SOOMROБет кап сатып жаткан балдар. Архив
Бет кап сатып жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк банктын маалыматына караганда, коронавирус жакырчылыкка каршы күрөшүүдөгү акыркы үч жылдагы аракеттерди жокко чыгарганы турат.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө жүзү боюнча 60 миллиондой киши өтө жакырланып кетиши мүмкүн. Мындай пикирин Дүйнөлүк банктын жетекчиси Дэвид Малпасс айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

"Тилекке каршы, биздин божомол ушундай болуп жатат. Коронавирус жакырчылыкка каршы күрөшүүдөгү акыркы үч жылдагы аракетибизди жокко чыгарышы ыктымал. Элге жардам болсун деген максатта 2021-жылдын жарымына чейин жүздөгөн өлкөлөргө 160 миллион доллар насыя берүүнү пландап жатабыз", — деди Малпасс.

Ошондой эле ал бул аракет жетишсиз экенин айтып, башка кредитор өлкөлөрдү дагы жардамга чакырды. Белгилей кетсек, буга чейин G-20 уюмуна кирген өлкөлөр жаңы өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин насыя төлөөсүнө убактылуу мораторий жарыялап берген.

Коронавирус тууралуу

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Эл аралык валюта фондунан дагы 121,1 млн. доллар алууда
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 20-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 897 492ге жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0