АКШда коронавируска каршы вакцина адамдарга ийгиликтүү сыналды

© REUTERS / Dado Ruvic / Illustration / File PhotoРазработка вакцины от COVID-19
Разработка вакцины от COVID-19 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
mRNA-1273 вакцинасын алган адамдардын канындагы антителолор COVID-19 жугузуп алып сакайган кишилердики менен теңелип же андан дагы көп болуп калганы айтылат.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. АКШдагы биотехнологиялык Moderna компаниясы коронавируска каршы вакцинаны сыноонун биринчи фазасы ийгиликтүү аяктаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Препаратты ыктыярчыларга тестирлөө апрель айында башталган.

Маалыматка караганда, mRNA-1273 вакцинасын алган адамдардын канындагы антителолор COVID-19 жугузуп алып сакайган кишилердики менен теңелип же андан дагы көп болуп калган.

"Алгачкы этабында препарат өзүнүн коопсуз экенин көрсөттү. Аны акыркы этапта сыноо июль айында башталат", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирус тууралуу

Көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адис COVID-19га кандай учурда иммунитет пайда болорун айтып берди
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 19-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 801 943кө жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0