АКШ: грин-карта берген мекеме акчасыз калуу коркунучунда турат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАмериканский флаг на одной из улиц в Вашингтоне
Американский флаг на одной из улиц в Вашингтоне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Америкада туруктуу жашоого уруксат берген документти (грин-карта) чет элдиктерге берүүсүн токтотконун билдирген эле.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Коронавирус пандемиясынан улам АКШдан грин-карта, виза жана жарандык сурагандардын саны кескин азайып, өлкөнүн Жарандык жана иммиграция кызматы акчасыз калуу коркунучуна кептелди. Бул тууралуу New York Times басылмасы жазды.

Виза, жарандык жана башка уруксат кагаздарын сурап кайрылгандардан түшкөн төлөмдөрдүн эсебинен жашаган бул кызмат жай айларына барып каражаты жок каларын жар салды.

"COVID-19 пандемиясына байланыштуу грин-карта, виза жана башка документтерди сурап кайрылгандар жок, киреше азайды. Демек, баалар көтөрүлүшү мүмкүн. Мындан тышкары Конгресс бөлчү 1,2 миллиард доллар жок болсо, мекеме бир нече ай иштебей калышы мүмкүн", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Америкада туруктуу жашоого уруксат берген документти (грин-карта) чет элдиктерге берүүсүн токтотконун билдирген эле. 

Жаңылыктар түрмөгү
0