Дарыгер: аралыкты сактабаса, коронавирустан бет кап да коргой албайт

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМедициналык маска кийген адамдар. Архив
Медициналык маска кийген адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгер аралыкты сактоо ыкмасы вирустан коргонууга жардам берерин, бирок аны аткаруу көпчүлүктүн колунан келе бербей турганын айткан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Коронавирустан коргонуунун эң эле эффективдүү жолу — аралыкты сактоо. Бул тууралуу "Известия" басылмасы россиялык дарыгер Александр Мясниковдун айтымына таянып маалымдады.

Дарыгер бул натыйжалуу ыкма экенин, бирок аны аткаруу көпчүлүктүн колунан келе бербей турганын айткан.

"Бет кап тагынып жүрсө коронавирус жукпайт деген ойдон алыс болуу керек. Эгер аралык сакталбаса, анда эч кандай бет кап коронавирустан коргонууга жардам бербейт!" — деп жазган дарыгер өзүнүн Telegram каналына.

Самоизоляция в Живоре. Франция - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 бизди көпкө чейин коштоп жүрүшү мүмкүн. Адистин пикири
Медиктин берген маалыматына таянсак, COVID-19 эч кандай белгиси жок да өтүшү ыктымал. Мындай учурда вирусту алып жүргөн адам бет каптын жардамы менен аны башкаларга жугузуп алуудан оолак болот.

"Башкаларга оору жугузуп албаш үчүн бет кап тагынуу керек", — деген дарыгер.

Мясников кол кап менен бет капты тез-тезден алмаштырып туруу зарылдыгын айтып, кол кап кийип жүргөндө адам бетин кармалай бербеши керек экенин эскертти.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0