АКШ коронавирусту организмге жолотпой "чыгарып салган" антителону тапты

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фармацевтикалык компаниянын билдиришинче, антитело вирусту "чулгап туруп", аны денеден төрт күндүн ичинде чыгарып салат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Sorrento Therapeutics (АКШ) биологиялык фармацевтикалык компаниянын окумуштуулары COVID-19ду толугу менен бөгөттөй турган антитело тапканын билдирди. Бул тууралуу Fox News телеканалы фармацевтикалык компаниянын негиздөөчүсү, доктор Генри Жиге шилтеме берип кабарлады.

Анын айтымында, бул антитело вирусту төрт күндүн ичинде адамдын организминен алып чыгышы мүмкүн. Антителолордун массасын изилдеген окумуштуулар STI-1499 антителосу адам клеткаларын коронавирус жуктуруудан 100 пайыз коргой аларын аныктаган.

Sorrento Therapeutics компаниясынан билдиришкендей, антитело вирусту "чулгап туруп", денеден чыгарып салат.

"Биз бул дары сөзсүз түрдө таасир берерин жар салабыз", — деп билдирген компаниянын негиздөөчүсү.

Окумуштуунун айтымында, изилдөөлөр лабораторияларда гана жүргүзүлдү, дары-дармеги азырынча чыгарыла элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0