04:20 04 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD73.4726
  • EUR82.3665
  • RUB1.0751
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (756)
21010

COVID-19дун оор формасында дене табы 38,5ге чейин көтөрүлөт. Дем алуу оорлойт, тагыраагы, киши минутасына 20-30 ирет дем алып калат.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. COVID-19 вирусунун оор формасын аныктоо үчүн адамдын дем алуусуна көңүл буруш керек. Бул тууралуу Москва шаарынын башкы рентгенологу Сергей Морозовго шилтеме берип РИА Новости жазды.

«COVID-19дун оор формасында дене табы 38,5ге чейин көтөрүлөт. Дем алуу оорлойт, тагыраагы, киши минутасына 20-30 ирет дем алып калат (дени сак адам 16-20 ирет)", — деди адис.

Бул теорияны белгилүү дарыгер Елена Малышева дагы тастыктайт.

Мындан тышкары адистер коронавирус күчөп кеткен учурда ооз жана тырмактар көгөрүп каларын айтышат.

Коронавирус тууралуу

2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 16-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 4 556 961ге жетти.

Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (756)

Тема боюнча

Баланы COVID-19дан кантип коргосо болорун россиялык адистер айтып берди
Белгилер:
дарыгер, бейтап, ден соолук, белги, коронавирус

ЭҢ МААНИЛҮҮ