Коронавирустун жаңы белгилери байкалды

© REUTERS / FLAVIO LO SCALZOДарыгер коронавирусту жуктурган бейтаптын маалыматтарын толтуруп жатат. Архив
Дарыгер коронавирусту жуктурган бейтаптын маалыматтарын толтуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык адистер ооруканага түшкөндөн кийин абалы начарлаган эки бейтапты көзөмөлгө алып, клиникалык жаңы белгилерди таап чыкты.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Коронавирустун клиникалык жаңы белгилери туурасында Россиянын Федералдык медициналык-биологиялык агенттигинен айтып беришкен.

Дезинфекциялоо бригаданын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: эпидемиолог коргонуу боюнча негизги төрт кеңешти айтты
Аталган агенттиктин ооруканасына ооруга чалдыккан эки бейтап түшкөн. 27-апрелде мурду бүтүп, эти 38 градуска чейин ысып, жөтөлүп, өпкөсүндө ар кыл оорулар менен аял киши түшкөн. 3-майда өпкөсү катуу кагынган эркек кишини алып келишкен.

Экөөнүн тең абалы начарлаган. Ичи сайгылашып ооруп, эти ысыганда алардын ичинен суюктук алышкан.

"Аял менен кишини карап, текшере келгенде COVID-19дун жаңы вариантын - ичеги-карындын кабылдап же ириңдеп кеткен белгилерин байкашкан", —  деп айтылат маалыматта.

Буга чейин окумуштуулар, ооруканада иштеп жаткан дарыгерлер COVID-19дун ар кыл белгилерин кезиктирген, бирок оорунун жогорудагыдай белгилери тууралуу маалымат алды-кийин айтыла элек болчу.

Дүйнөдө коронавируска 4 500 476 адам чалдыгып, алардын 305.395и каза тапты. Ал эми 1 588 858 киши жакшы болуп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0