Москванын жашоочуларынан COVID-19ду массалык түрдө акысыз текшеришет

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүМасочный режим начал действовать в столичном регионе
Масочный режим начал действовать в столичном регионе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москва өкмөтү автоматтык кан анализаторун орнотту. Ушул айдын аягына чейин күн сайын 200 миң адам текшериле турганы белгиленет.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Москвада иммунитети коронавирусту көтөрө аларын же албастыгын текшерүү эл арасында массалык түрдө акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу аталган калаанын мэриясынын сайтында жазылган.

Мэр акыркы бир нече айдын ичинде шаарда коронавирусту текшерүү программасы болуп көрбөгөндөй иш алып барып жатканын белгилеген. Күн сайын ондогон лабораториялар 40 миңден ашык ПЦР-тесттердин жыйынтыгын чыгарып жатышат.

Анын айтымында, мындан ары "тестирлөөчү машина" күч алат. Жаңы эрежелерге ылайык, ишке кирген ишканалардын жетекчилери жума сайын кызматкерлерден тест жүргүзүшү керек. Вирустук пневмонияны аныктоо үчүн жети амбулатордук борбор бар. Буга чейин аларда коронавирусту аныктоо үчүн 100 миңден изилдөө жүргүзүлгөн.

"Бирок бул ыкмалар жетишсиз. Анткени ал канча адам ооруп бүткөнүн, анын ичинде симптомдору вирусту баштан өткөргөнүн, канчасында коронавируска каршы иммунитет иштелип чыккандыгын аныктоого мүмкүнчүлүк бербейт. Бул маалыматты алуунун ыкмасы — калктын иммунитетин изилдөө, тагыраагы, Москва шаарынын тургундарын жаңы инфекцияга антителолорун тестирлөө (скрининг) болуп саналат", — деп жазган калаа башчысы Сергей Собянин.

Производство препарата для лечения COVID-19 Фавипиравир  - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска чындап таасир бере турчу препарат качан чыгары айтылды
Тест бейтаптын каны аркылуу жүргүзүлө турганы айтылат. Изилдөө үчүн Москва өкмөтү автоматтык кан анализаторун орноткон. Май айынын аягына чейин мындай ыкма менен тест тапшыргандар суткасына 200 миңден ашык болору кошумчаланат.

Собяниндин айтымында, бул 15-майдан баштап массалык жана акысыз скрининг программасын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0