Окумуштуу: адам эки айдан ашык обочолонууга чыдабайт, терс жоругу күчөйт

CC0 / Pixabay / Free-PhotosҮйдүн балконунда турган жуп. Архив
Үйдүн балконунда турган жуп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис адам көп убакыт обочолонсо буга чейин жаап-жашырып, карманып келген кадамдары ачык түрдө жасала баштайт. Бул агрессияны күчөтүп, үй-бүлөлүк зомбулукка, алкоголдук ичимдикти ашкере ичүүгө алып келет.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Адам кескин чектөөлөр коюлган обочолонуу шартында эң көп дегенде эки ай боло алат. Бул тууралуу "Известия" агенттиги профессор, Россиянын Илимдер академиясынын медициналык-биологиялык көйгөйлөр институтунун орун басары Юрий Бубеевге шилтеме берип жазды.

"Эгерде шарттар катаал болсо, бир жарым ай, өтө эле көп дегенде эки ай чыдаса болот. Андан кийин буга чейин жаап-жашырып, карманып келген кадамдар ачык түрдө жасала баштайт. Бул агрессияны күчөтүп, үй-бүлөлүк зомбулукка, алкоголдук ичимдикти ашкере ичүүгө алып келет. Ансыз деле үй-бүлөдөгү зомбулук көбөйүп кетти, ошондуктан алардын саны мындан ары өсүшү мүмкүн", — деген адис.

Эркектер иттер менен сейилдөөдө, 5-авенюда,  Манхэттенде, Нью-Йорк, АКШ - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар коронавирустан кийин жаңы эпидемия башталарын боолголоп жатат
Ошол эле учурда Бубеев обочолонуу режимин мажбурлап эмес, өздөрү тандап алгандар көп убакыт үйдө боло аларын кошумчалаган.

Россия президенти Владимир Путин 12-майдан тарта өлкөдөгү эс алуу күндөрү аяктаарын билдирген. Бирок кырдаал салыштырмалуу дурус болгон жерлерде да пандемия менен болгон күрөш бүтпөй турганын айтып, эл көп катышкан иш-чараларга мурдагыдай эле тыюу салынарын эскерткен.

Россия вирус жуктуруп алган өлкөлөрдүн саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0