Ажырашуу, толуп кетүү, стресс... Адистер карантиндин кесепеттерин айтып берди

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүМосква во время режима самоизоляции жителей
Москва во время режима самоизоляции жителей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия жарыялаган. Ошондон бери дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдар карантинде отурушат.

БИШКЕК, 13-май — Sputnik. COVID-19 пандемиясынан улам жарыяланган карантиндик чектөөлөрдүн кесепети оор болот. Алар тууралуу окумуштуулардын пикирине таянып РИА Новости жазды. 

Жаштардын түйшүгү

АКШлык окумуштуулардын пикиринде, обочолонуу өзгөчө 12-24 жаштагыларга терс таасир этүүдө. Мектептер, ЖОЖдор жабылып, балдар үйдө отурууга мажбур. Көпчүлүгү сабактарын толугу менен ата-энесинин көзөмөлүндө окушат. Достору менен кезигип, ээн-эркин ойноп, көңүл ача алышпайт. Жалындап турган мындай куракта адамды ар тараптан чектөө абдан кооптуу нерсе.

Ажырашуу

Коронавирус басаңдап калган соң Кытайда ажырашуунун саны көп боло баштаганын көпчүлүк ЖМКлар жазышкан. Бул көрүнүштү Пенсильвания университетинин окумуштуулары 1989-жылкы АКШдагы "Хьюго" катуу шамалынан кийинки абал менен салыштырды. Окуядан бир жыл өткөн соң башынан жаратылыштын чоң кырсыгын өткөргөн аймакта ажырашкандардын саны кескин өсүп кеткен.

Ашыкча салмак

Девушки курят у торгового центра. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Нарколог пандемия учурунда чылым чегүүнүн кесепетин айтты
Россиянын Илимдер академиясынын академиги, кардиолог Юрий Беленковдун айтымында, карантин учурунда адамдар тамактануу режимин бузуп, спирт ичимдиктерин дагы көбүрөөк ичип калат. Ошол эле учурда көп кыймылдабай, уктоочу сааттар узарат. Жыйынтыгында ашыкча салмак жана жүрөк-кан тамыр оорулары пайда болот.

Ошондой эле адистер карантин учурунда туура эмес жана негативдүү маалыматтар дагы адамдын маанайын чөгөрүп, стресске алып келерин кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0