Британия карантинди бузгандарга айыпты эки эсе көбөйттү

© REUTERS / HENRY NICHOLLSЛондон шаарында көчөдө бараткан адам
Лондон шаарында көчөдө бараткан адам - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы кабыл алынган айыптын көлөмү карантин бузгандар үчүн 100 фунт стерлинг экенин өлкөнүн өкмөт башчысы өзү билдирген.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Британия карантинди бузгандарга салынчу айыптын көлөмүн эки эсеге көбөйттү. Эми тартип бузгандар 100 фунт стерлинг (9618 сом) төлөйт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Мындай катаал чаранын көрүлө тургандыгын премьер-министр Борис Жонсон билдирген.

Полиция буга чейин марттын аягында чыккан мыйзамды аткарууга укук алган. Анда тартипти бузгандарга чара көрүп, 60 фунт стерлинг (5771 сом) өлчөмүндөгү айыпты жазып бере алат. Эгерде аны 14 күнгө жеткирбей төлөсө, 50 пайыздык "жеңилдик" каралган. Ал эми карантиндин эрежесин экинчи ирет бузса, 120 фунт төлөрү жазылган. Ошентип, улам мыйзам бузган сайын көлөмү жогорулап отуруп, эң жогорку сумма 960 фунт стерлингге (92 379 сомго) жетип, тартипти сактоону көңүлүнө алып койбогон ал адамдын иши сотко өтөрү маалым болгон.

"Жаңы кабыл алынган айыптын көлөмү карантин бузгандар үчүн 100 фунт стерлинг, тезирээк (14 күн ичинде) төлөп салса 50 фунт. Бир нече жолу мыйзам бузса, сумма өсө берет, эң көп болгон учуру 3,6 миң фунтка жетет", — деген Жонсон парламентте сүйлөп жатып.

Курчалган аянтта милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаал тартибин бузгандарга салынчу айыптын суммасы айтылды
Буга чейин премьер карантиндик талаптарга карабастан, тургундарга жеңилдиктер каралып жатканын айткан. Мисалы, британиялыктарга үйдөн чыгып күнгө күйүүгө, жалгыз эшикте, газондо, паркта отурууга уруксат берилген. Андан сырткары спорт менен машыгуу үчүн күнүнө бир ирет чыкса болорун маалымдаган.

Өкмөт аралыктан иштей албагандарга жумушка аралыкты сактап барып-келүүсүн эскерткен.

Алар куруучулар, өндүрүштө иштегендер, азык-түлүк ишканаларындагылар, логистика кызматкерлери, товар жеткирип берүүчүлөр жана илимий лабораториядагылар.

Мындан сырткары британиялыктарды өкмөт коронавирус жуктуруп алуу кооптуулугунан улам коомдук транспортту колдонбой турууга чакырууда. Элге жөө, жеке автоунаасы же велосипед менен жүрүүгө кеңеш беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0