Азык-түлүк салынган таңгакты эмне менен тазалоо керектиги айтылды

© Sputnik / Артур Лебедев / Медиабанкка өтүүСитуация в городах России в связи с коронавирусом
Ситуация в городах России в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жуулбаган азыктарды эч качан муздаткычта сактаганга болбойт. Вирус муздаткычта узакка сакталышы мүмкүн.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Коронавирусту алдын алуу максатында супермаркеттерден жана базарлардан сатып алынган азык-түлүк салынган таңгакты хлор кошулган зат менен эмес, курамында спирти бар каражат менен тазалаган оң. Анткени хлор ден соолукка зыяндуу. Бул тууралуу РИА Новостиге Медициналык-биологиялык көйгөйлөр институтунун бөлүм башчысы, жетектөөчү илимий кызматкер Светлана Поддубко билдирген.

"Үйгө алып келинген таңгактарды, азык-түлүк салынган баштыктарды спирт кошулган дезинфекциялоочу каражат менен тазалаган оң. Ал эми хлордуу каражаттарды таңгактардын сыртына да себүүгө болбойт, себеби өтө кооптуу", — деди Поддубко.

Японский университет судебной медицины Чиба - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус аныкталып көз жумган алгачкы кыргызстандыктын сөөгү изилденип бүттү
Ал белгилегендей, ар бир тазалоочу каражаттын пайдалануу эрежеси бар. Хлор кошулмаларын эшиктердин туткаларына, буюм-тайымга колдонууга болот. Хлор каражатын сүрткөндөн жарым саат өткөндөн кийин ал жерди кайра тазалап салуу керек.

Адистин айтымында, жемиштерди жана жашылчаларды 40 градус ысык сууга жууп, анан колдонуу зарыл. Жуулбаган азыктарды эч качан муздаткычта сактаганга болбойт. Анткени вирус жөнөкөй абага караганда муздаткычта узакка сакталышы мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0