Англия: кош бойлуу экендигин билбей жүрө берген медайым көз жарды

© AFP / PHILIPPE HUGUENРодильный дом на севере Франции
Родильный дом на севере Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психикалык жактан жабыркагандарды дарылаган 31 жаштагы Эмма Хиндмарш акыркы убактарда жумушка катуу берилип кеткендиктен, тамакты көп жеп, ошонун айынан толуп жатам деп эсептеген.

БИШКЕК, 10-май - Sputnik. Англиянын Сандерленд шаарынын медицина кызматкери Эмма Хиндмарш 12 саттык нөөмөттөн кийин кыз төрөдү. Бирок ал буга чейин кош бойлуу экендигин билбей жүрө бергендигин РИА Новости жазды.

Психикалык жактан жабыркагандарды дарылаган 31 жаштагы медик акыркы убактарда жумушка катуу берилип кеткендиктен, тамакты көп жеп, ошонун айынан толуп жатам деп эсептеген.

Майдын башында анын ичи катуу ооруп баштаган. Эмма таблетка ичкенден эки сааттан кийин салмагы 2,5 килограмм болгон кыз төрөгөн.

Медайым күйөөсү менен кеңешип, кыздын атын Изабель Роуз аташканы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0