Трамп: коронавирус акыры өзү жоголуп кетет

© REUTERS / Alexander DragoПрезидент США Дональд Трамп
Президент США Дональд Трамп - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америка дүйнө жүзүндө вирус жуктурган мамлекеттердин сап башында турат. Ушул тапта өлкөдө 1 283 929 адам оору менен күрөшүүдө.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Американын президенти Дональд Трамп коронавирус акыры өзүнөн-өзү жок болуп кетет деген ишенимин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

АКШ лидери жума күнү журналисттерге маек берген.

"Мен дарыгерлердин айткандарына таянып жатам. Алар вирус кетет деп жатышат. Бул анык бир убакытта жок болорун билдирбейт, бирок кайсы бир учурда ал өзү жоголуп кетер. Эгерде бизде вакцина чыкса, андан бетер жакшы болот", — деген Трамп журналисттерге.

Коронавирус тууралуу

АКШнын президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трамп: Кытай коронавирусту ооздуктабаганы үчүн жоопкерчиликке тартылат
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жонс Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, 9-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 3 939 119га жетти.

Ал эми АКШ дүйнө жүзүндө вирус жуктурган мамлекеттердин сап башында турат. Ушул тапта өлкөдө 1 283 929 адам оору менен күрөшүп жатат. 77 180 киши каза тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0