Сот видеобайланыш аркылуу өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды

© AP Photo / Brennan LinsleyСудьянын балкасы. Архив
Судьянын балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нигериядагы соттук процесс коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам ушундай форматта өткөн.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Нигерияда видеоконференциянын Zoom сервиси аркылуу өлүм жазасына тартуу боюнча өкүм чыкты. Бул тууралуу CNN кабарлады.

Пхеньяндагы аскердик парад. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Түндүк Корея өзөктүк ракета сактоочу жай курууда. Спутниктен тартылган сүрөт
Виртуалдык соттук процесс 4-май күнү өлкөнүн эң ири шаары Лагосто өткөн. Олалекан Хамидди энесинин кызматкерин өлтүргөнү үчүн жазанын эң оор түрүнө тартылган. Тергөөнүн айтымында, ал аталган кылмышты 2018-жылы жасаган. Айыпталуучу процесске абакта жатып Zoom сервиси аркылуу катышканы айтылды. Видеоконференцияга прокурорлор, адвокат жана сот катышкан.

Айыпкер качан дарга асылары ачыкталган жок. Журналисттер Олалекан менен байланыша алган эмес, болгону айыпкер тагылган күнөөнү мойнуна албай жатканы белгилүү болду. Соттук жыйын Нигериядагы карантинден улам ушундай форматта өткөн.

Amnesty International укук коргоо уюмунун өкүлдөрү соттук практиканын мындай түрүн дароо сындап чыгышты. Алардын айтымында, бул формат процесстин ачык жана адилет өтөрүнөн күмөн санатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0