Илон Маск болгон мүлкүн арзан сатып жок кыларын жар салды

© REUTERS / Bobby YipАмерикалык ишкер Илон Маск
Америкалык ишкер Илон Маск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ал болгон мүлкүн, анын ичинде үйүн да сатарын жазган. Андан кийин Маск Tesla компаниясынын акциялары өтө элек кымбат экенин кошумчалаган.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Америкалык ишкер Илон Маск Tesla компаниясына таандык акциялардын баасын түшүрүп, болгон мүлкүн сата турган болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Билдирүү ишкердин Twitter баракчасына жарыяланган.

Буга чейин ал болгон мүлкүн, анын ичинде үйүн да сатарын жазган. Андан кийин Маск Tesla компаниясынын акциялары өтө элек кымбат экенин кошумчалаган.

SpaceX Starship кемесинин прототиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Илон Маск кишилерди Марс планетасына кандай кеме алып барарын көрсөттү
Ошондон кийин автоунаа чыгарган компаниянын акциялары 9,35 пайызга, башкача айтканда, 708,77 долларга арзандаган. Соодалашуу маалында алардын баасы 683 долларга чейин түшүп кеткен.

Былтыр Маск менен Американын баалуу кагаз жана биржа боюнча комиссиясы ишкер Tesla компаниясынын юристтеринин уруксаты жок компания тууралуу Twitter баракчасына билдирүү жазууга укугу жок деген келишимге кол коюшкан. Ошол эле учурда ал 20 миллион доллар айып төлөп, Tesla компаниясынын жетекчилер кеңешинин төрагалыгынан үч жылга кеткен.

Бирок ушул жылдын март айында Маск АКШда коронавирустан улам киргизилген чектөө чараларын алуу боюнча бир нече билдирүүлөрдү жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0