Дели: медицина кызматкерлерине асмандан роза чачкан видео, сүрөт

© AP Photo / Rajanish KakadeИндиянын Аскер аба күчтөрүнүн тик учактары каза болгон полиция кызматкерлерине жана 12 ооруканада иштеп жаткан медиктерге арнап, асмандан роза гүлдөрүн чачты.
Индиянын Аскер аба күчтөрүнүн тик учактары каза болгон полиция кызматкерлерине жана 12 ооруканада иштеп жаткан медиктерге арнап, асмандан роза гүлдөрүн чачты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Индиянын Аскер аба күчтөрүнүн тик учактары каза болгон полиция кызматкерлерине жана 12 ооруканада иштеп жаткан медиктерге арнап, асмандан роза гүлдөрүн чачты.

БИШКЕК, 5-май — Sputnik. Коронавируска каршы күрөшкөндөрдүн үстүнөн Lockheed C-130 учактары жана Су-30МКИ, МиГ-29 менен Jaguar учуп өткөн. Бул тууралуу аталган өлкөнүн коргоо министринин twitter-аккаунтунда айтылган.

Кадрдан роза гүлдөрүнүн жерге түшүп жатканын көрүүгө болот.

Акцияга көп өтпөй Аскер деңиз флоту кошулары айтылган. Беш кеме менен иллюминация жандырып, белги берген ракеталарды асманга атып, сирена чыгарууну пландашкан.

Алардын капталында бул иш-чара коронавирус менен күрөшкөн каармандарга арналары жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0