Автобекет ээнсиреп, ал жайды каздар байырлап алды. Англиядагы окуянын видеосу

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүБоз каздар. Архив
Боз каздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Англиянын Йорк шаарындагы бул жайда коронавирус чыга электе элдин аягы үзүлбөй, кыймыл басаңдачу эмес.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Учурда автобекетте полициядан башка бир жан калбагандан кийин ал жерди каздар байырлап, ал тургай жумуртка басып, балапан чыгарганы калды. Бул туурасында BBC жазды.

Кериктин баласын аңдып, бирок кол сала албай арманда калган арстандын видеосу - Sputnik Кыргызстан
Кериктин баласын аңдып, бирок кол сала албай арманда калган арстандын видеосу
Видеолор социалдык тармакка да чыгып, атүгүл алардын кыймылын элге дээрлик үзгүлтүксүз көрсөтүп бере турган мүмкүнчүлүктү ойлоп табышыптыр. Бул #GOOSECAM деген хэштег менен жасалган.

Каз алгач келип, бир нече күн тургандан кийин жумуртка тууган да, анын саны арбый баштаган.

Кийин Транспорт полициясы бул жаныбардын жалгыз эместигин байкап, камкордукка алган. Маалымат ошол эле учурдан тарта социалдык тармакка жайыла баштаган.

Ошентип учурда каздардын кадимкидей күйөрмандары пайда болду.

​Сүрөттөн анын бош калган автобекеттин ортосундагы жашыл чөптөргө жалгыз "кожоюндук" кылганын байкоого болот.

Ал эми 23-апреле тартылган видеодо жалгыз эмес, жанында дагы бирөө жүрөт. Көп өтпөй жумуртка пайда болуп калганын байкоо анча деле кыйынга турбайт.

Ал эми андан эки күн өткөн соң дагы кызык окуя болду. Адатта эл жана транспорт кыймылы токтобой, бирок учурда бир жан жок калган асфальтта бир нече каздын күн чубактап жаткан видеосу чыкты. Алар жакын басып барып тартып жаткан кызматкерди сезип да, карап да койгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0