Түштүк жана Түндүк Кореянын чек арасында атышуу болду

© AFP / JOHANNES EISELEЧек ара кызматкерлери. Архив
Чек ара кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең мененки саат 07.41де Түштүк Кореянын көзөмөл постун көздөй ок атылган. Ал жактагы аскерлер эрежеге ылайык жооп катары эки жолу ок чыгарышты.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын чек арасында атышуу болду. Бул тууралуу Рёнхап агенттигине шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Эртең мененки саат 07.41де (Бишкек убактысы боюнча саат 4.41) Түштүк Кореянын көзөмөл постун көздөй ок атылган. Ал жактагы аскерлер эрежеге ылайык жооп катары эки жолу ок чыгарышты", — деп айтылат кабарда.

Жабыркагандар жок. Бирок Түштүк Корея мындай аракеттерге жооп берүүгө толугу менен даяр турганы кошумчаланды. Учурда эки өлкөнүн аскерий байланыш линиялары аркылуу окуянын чоо-жайы такталып жатат. Ошондой эле бүгүнкүдөй көрүнүшкө келечекте жол бербөө сүйлөшүлүүдө.

Лидер Северной Кореи Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
ЖМКлар 20 күндөн бери биринчи жолу Ким Чен Ындын сүрөтүн чыгарууда
Корея жарым аралындагы эки өлкө формалдуу түрдө согуш абалында турат. Корея 1945-жылы япониялык колониядан куткарылгандан кийин экиге бөлүнгөн. Түндүгүндө СССРдин кароосу менен социалисттик Корей Элдик Демократиялык Республикасы, ал эми түштүгүндө АКШнын колдоосу менен капиталисттик Корея Республикасы негизделген.

1950-1953-жылдардагы согуштан кийин тынчтык келишими эмес, өз ара ынтымакка келүү келишимине кол коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0