Испания тургундарга расписание менен сейилдөөгө уруксат берди

© Sputnik / Алехандро Мартинез Велез / Медиабанкка өтүүОслабление карантинных мер в Мадриде
Ослабление карантинных мер в Мадриде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Испанияда өзгөчө режим 14-мартта киргизилип, кийинчерээк 9-майга чейин узартылган. Апрелдин этегинде бийлик карантинден акырындап чыгуу планын бекиткен.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Испаниянын жашоочулары марттын ортосунда коронавируска байланыштуу чектөөлөр киргизилгенден бери биринчи жолу таза абага чыгып сейилдеп, машыгууларын жандантышты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Элдин топтолушуна жол бербөө максатында бийлик расписание менен бир катар эрежелерди иштеп чыккан. Ага ылайык, 14 жаштан жогоркулар саат 06.00дөн 10.00гө чейин жана 20.00дөн 23.00гө чейин сейилдеп, спорттун жеке түрлөрү менен машыга алышат. Бирок өзүң менен чогуу жашаган бир адам менен үйдөн бир чакырымга чейин сейилдегенге уруксат. Ошол эле учурда кечке эшикке чыга бергенге болбойт.

Испаниядагы Гранада шаарында аскер кызматкерлери коопсуз костюмчан жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан COVID-19 менен күрөшүүдө Испаниянын тажрыйбасын алууга кызыгууда
Саат 10.00дөн 12.00гө чейин жана 19.00дөн 20.00гө чейин 70 жаштан жогору испандыктар, ошондой эле коштоп жүрүүгө муктаж адамдар сейилдесе болот. Ал эми 12.00дөн 19.00гө чейин 14 жашка чейинки балдарга аба жутууга уруксат берилген. 26-апрелден тарта балдар менен сейилдөөгө уруксат берилген, бирок учурда кээ бир чектөөлөр бар.

Бүгүнкү күндө Барселонада парктар эл үчүн эшигин ачкан. Мадридде сейил бактар жабык болгону менен тургундар сыртында эс алып жүрөт. Мындан сырткары өз аймактарында багбанчылык кылууга уруксат берилген. Жогорудагы эрежелердин сакталышын полиция көзөмөлдөйт. Беш миңден аз кишиси бар аймактарда сейилдөөгө чектөө киргизилген эмес.

COVID-19 диагнозу коюлган адамдар же карантиндегилер үйдө болууга милдеттүү экендиги белгиленди. Ошондой эле карылар үйүндө жашагандар сейилдей албайт.

Испания коронавирус пандемиясынан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн бири. Тагыраагы, жарандары оорудан каза тапкандардын саны боюнча төртүнчүдө (АКШ, Италия жана Улуу Британиядан кийин), жуктургандар боюнча (АКШдан кийин) экинчи орунда турат.

Испанияда өзгөчө режим 14-мартта киргизилип, кийинчерээк 9-майга чейин узартылган. 28-апрелде бийлик карантинден акырындап чыгуунун планын бекиткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0