100 млн. долларлык парадокс. F-35 истребителинин баага татыбаган сапаты

© Photo / Public domain / Robert SullivanИстребитель F-35
Истребитель F-35 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык көп багыттуу F-35 истребитель-бомбалоочу учагынын жаралыш тарыхы, ишке берилиши жана таанытуу аракеттери көзгө байкалгыс бул аскердик учактын өндүрүш технологияларынын маркетинг артыкчылыгы экенин айгинелейт.

Пентагонго ыктаган Defense News басылмасы жаңы F-35 Lightning (Молния) II истребитель-бомбалоочу учагы боюнча адистердин кескин сын-пикирлерин жарыялады. Макаладан соң аскерий баяндамачы Александр Хроленко бул учактын мүнөздөмөсүнө сереп салып көрдү.

F-35 — үнгө чейинки ылдамдыгы 1 мүнөттөн ашпаган толук форсажда тездетиле турганы иш жүзүндө тастыкталды. 1 Махтан (Мах — абадагы үндүн ылдамдыгын аныктайт. Жер үстүндө 1 Мах орточо 340 м/с барабар) ашкан ылдамдыкта 60 секунддан кийин ысып кеткен корпустун бузулуу кооптуулугу жаралат. 1,6 Махтан кийин жөн эле учактын куйругу коңторулуп калышы ыктымал. Белгилей кетсек, крейсердик жогорку добуштуу ылдамдык заманбап истребителдердин көпчүлүгүнө жеткиликтүү, ал эми бешинчи муундагы учак үчүн ал 1,4 Махтан төмөн болбоого тийиш.

Международный военно-технический форум Армия-2019. День третий - Sputnik Кыргызстан
Бура бастырбаган "Бумерангдын" экспорттук дарамети 1 млрд доллар. Артыкчылыгы
1 Мах ылдамдыкка жеткенде F-35 истребители радарларга "байкалгыс", башкача айтканда, жашырына билүү жана күтүлбөстүк жөндөмүн жоготот. Тышкы асмасындагы кандай курал менен болбосун "Молниялардын" анча байкалбастыгы үнгө чейинки ылдамдыкта деле жоголуп кетет. Аталган көйгөйлөр технологиялык жактан жоюлбайт.

Учак үч: кадимки, кыска учушу жана конушу, ошондой эле палубалык модификацияда эксплуатацияланат. АКШнын Аскердик-деңиздик күчтөрү үчүн "байкалбастык" жөндөмүнүн начардыгы ремонттук базадан узак жайгашкандыгына да байланыштуу. Эгер учуш башында палубалык F-35 иштен чыкса, бул учактын аскердик натыйжалуулугун бир нече айга төмөндөтөт.

Физиканын мыйзамдары менен талашып-тартыша албайсың. Пентагон "эксплуатациялык сыпаттамасын" ыкчам оңдой койду, эми F-35 тез ылдамдана алчу жөндөмү бар үнгө чейинки учак болуп саналат. Аскердик-деңиздик күчтөр менен F-35B жана F-35C деңиз пехотасы үчүн модификациялары 1,2 Махтын тегерегиндеги ылдамдыкта (форсажда) уча ала тургандай секунддар аныкталган. Дегеле болбоду дегенде үндөн да ылдамдыкта бөгөп калуу үчүн F-22 Raptor истребители бар, ал жогорку ылдамдыкта эч бузулбайт (ал 1 Махтан соң радарларга байкалбай да калат).

Истребитель үчүн согуштук жагдайда ылдамдыкты жана маневрду чектөө эмнени туюндурат? Технологиялык жактан тең тайлаша алган каршылашы менен салгылашта F-35 истребители бутага айланат. Аба кармашынын натыйжасын, мисалы, россиялык өндүрүштөн чыккан ыкчам ылдамдыктагы жана ыкчам бурула алган "Сушка", ошондой эле "Миг" менен болжой алууга болот.

Бешинчи муундун "мандемдери"

F-35 концепциясы: душманды "байкалбас" көзгө илингенче жок кылуу. Бирок америкалык көп багыттуу истребитель мындай миссияларды аткарууга "бышып жетиле" электей. Жогорку ылдамдык F-35 планеру жана стелс-жабуусуна гана коркунуч келтирбестен, учкучтун көптөгөн антенналарын жана куйрук бөлүгүн да чабалдатат.

Былтыр июнь айында F-35 учагынын 13 негизги техникалык мүчүлүштүгү жөнүндө маалымат жарыяланган. Алар учактын аскердик милдеттерин аткаруу жөндөмүнө жана учкучтун коопсуздугуна таасир этет. Андан бери негизги кемчиликтери дагы бешке артты, бирок бул бир учактын баасы 100 миллион доллар болушу өтө эле кымбат. Кырдаал акылга сыйгыс, F-35 Lightning II учагын куроо программасынын наркы — 1,3 триллион доллардын тегерегинде. Көп багыттуу истребитель-бомбалоочу учагы 2011-жылдан бери сериялык түрдө чыгарылып келет.

Германиядагы Эшвайлер шаарында турган өзөктүк электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ өзөктүк технологиялар рыногунан Россияны сүрүп чыгара алабы? Пикир
F-35 ВМС учактары жана АКШнын деңиз пехотасынын корпустары экстремалдуу маневрларды аткарууда (ракеталардан буйтоодо) бекем эмес, эмнеге кабыларын да болжоп болбойт. Борттогу радар деңиз үстүнөн абдан тар секторду гана байкай алат.

Түнкүсүн приборлордун жарык экрандары мейкиндик ориентациясын бузат, "Молниянын" бардык тибинин конушун кыйындатат. F-35 кабинасындагы атмосфералык басымынын алмашуусу баротравмага алып келип же учкучту алдастатышы ыктымал.

F-35тин программалык камсыздоосун жаңыртуу көйгөйүн өндүрүшчү Lockheed Martin быйыл жыл аягына чейин оңдоого үмүттөнөт. Бирок мунун баары "көзгө көрүнбөстү" өндүрүүнү улантуу жана союздаш өлкөлөргө, тагыраак, Австралия, Улуу Британия, Норвегия, Израиль, Италия, Япония жана башкаларга сатууну күчөтүүгө бөгөт эмес. Lockheed Martin өндүрүшүн жайылтуу жолунда тоскоолдуктар да жок эмес. Кошмо Штаттардын бир нече өнөктөш өлкөлөрү F-35тин "шпиондук" программалык камсыздоосунан улам бул үлгүдөгү учакты өндүрүү боюнча биргелешкен программадан чыгып кетишерин айтып коркутушкан. Көпчүлүктү чочулаткан көйгөй — учакка кайсы өлкө ээ экенине карабастан, планетанын кайсы бурчунда болсо да F-35 учагынын ар бир кыймыл, маневр жана миссияларына байкоо салчу ALIS маалыматтык тутумунда. Система колдонуучунун пайдасы үчүн техникалык абалы жана логистикасын талдайт имиш.

АКШнын ашкере көз карандысыз айрым өнөктөштөрү ALIS тутумун учуштар тууралуу маалыматтарды Пентагонго тапшырат деп чочулайт. Бул көйгөйдү жакын арада дагы жакшыртылган ALIS 3.6 версиясы чечет деп күтүлүүдө.

Истребитель — оюнчук эмес

Аскердик авиакурулуш жаатындагы технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн баалоодо америкалык тенденция каралууда. Мурда бешинчи муундагы F-22 Raptor истребителин түзүүдө тажрыйба майнапсыз деп табылган (радиосиңирүүчү жабуусу ынанымсыз, метрлик диапазондогу радарларга илинет, аракетинин чакан радиусу – 750 км).

Сериялык машинанын баасы да таптакыр ылайыксыз – 350 миллион доллар. Натыйжада, Пентагон "байкалбас" F-22 учагынан 187 гана бирдик сатып алган (ал эми планда 384 бирдик болгон).

Бир кыймылдаткычтын (экөөнүн ордуна) эсебинен F-35 Lightning IIнин арзандашы курал-жарактын оордугун, ылдамдыкты, маневр жана аскердик жүгүн төмөндөткөн. Бул башка аналогдору менен салыштырууда даана байкалат.

Болжолдуу салгылашта бешинчи муундагы россиялык Су-57 истребители F-35тен (жана F-22) биринчи байкап, аны жок кыла алат. Ашыкча жүк менен да, үндөн да ыкчам ылдамдыкта да душман менен салгылаша алат. Айтмакчы, россиялык машина форсаж камтылбастан, үндөн да ыкчам ылдамдыкка өтүүдө.

АКШнын Посейдон (P-8A Poseidon) чалгындоочу учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШнын чалгындоочу учактары Сириядан эмне издейт? Саресеп
Су-57 истребители мыкты учуш жана аскердик мүнөздөмөлөргө ээ, бир муундагы F-22 жана F-35 өңдүү америкалык аналогдорунан кыйла ашып түшөт. Су-57нин "чагылуучу үстүңкү катмарынан" улам каршылаштардын радарларынын көзүнө дээрлик илинбейт. Конструкциясында композициялык материалдары үстүңкү катмарынын 70 пайызын жана салмагынын 25%ын түзөт.

АКШнын серепчилери россиялык истребителдин артыкчылыгын таануу менен үндөн да ыкчам ылдамдыкта Су-57 учагынын маневр жасоо жөндөмүнүн мыктылыгын, укмуштай кымбат F-22 Raptor учагы да ээ болбогон инфракызыл издөө тутумун баса белгилешет.

Замбирек менен жабдылган куралдын пайдаланылышында Су-57 өтө ыкчам маневр менен салгылашып, ошондой эле орто жана ыраак аралыктагы ракеталардын кеңири спектрин колдоно алат.

Су-57нин артыкчылыгын негизги радиолокациялык станция, бутаны кармоонун уникалдуу оптикалык-электрондук тутуму жана "акылдуу каптоосу" делген электрондук тоскоолдуктарды орнотуу тутуму арттырат.

Россиялык истребитель абадагы жана жердеги бутаны 400 чакырым ыраактыктан байкап, бир убакта 62 объектке чейин коштоп жана башка самолёт жана учкучсуз учактарга бута боюнча көрсөтмөлөрдү бере алат.

РФ аба-космостук күчтөрү 2028-жылга чейин бул үлгүдөгү 76 машина алууга тийиш. Бешинчи муундагы россиялык Су-57 истребителинин 2019-жылдан тарта сериялык түрдө чыгарыла башташы дүйнөлүк рыноктогу атаандаштарын сүрүп чыгарары шексиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0