Дарыгер COVID-19 эпидемиясы учурунда баш тарта турчу азыктарды тизмектеди

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСахар
Сахар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиялык диетологдордун тобу обочолонуу жана карантин режиминде чоңдор менен балдардын тамактануусунун көрсөтмөлөрүн иштеп чыккан.

БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Коронавирус пандемиясы убагында тамак-аштын тизмесинен ундан жасалган кондитердик азыктарды, жогорку сорттогу ундан даярдалган нандын түрлөрүн, колбаса, чипсы, тез татым жана газдалган суусундуктарды алып салса болот. Бул тууралуу врач-терапевт, диетолог Екатерина Бурляева айтып бергенин РИА Новости жазды.

Бурляеванын айтымында, ал иштеген борбордун адистери обочолонуу жана карантин режиминде чоңдор менен балдардын тамактануусунун көрсөтмөлөрүн иштеп чыгышкан. Алар айлана-чөйрөнүн ар кандай шарттарында адамдын зат алмашуусуна, тамактануусуна көңүл буруп, азыктын организмде сарпталышына байкоо салышкан.

"Туз, шекер жана каныккан май кислоталарын пайдаланууну азайтуу сунушталат. Ал үчүн менюдан кант жана ундан жасалган кондитердик азыктарды, жогорку сорттогу ундан жасалган нандын түрлөрүн, газдалган таттуу суусундуктарды, колбаса, сосиска, чипсы, тез татымдарды алып салса болот", — деген Бурляева.

Тамактанып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: салмак кошууга жыт дагы таасирин берет
Ал күнүмдүк тамактанууга кара буудай же кебек кошулган нанды, дан өсүмдүктөрүн, сүт жана майлуулугу аз сүт азыктарын, уйдун, тооктун этин, балык, жумуртка, өсүмдүк майын пайдаланууну сунуштаган. Ошондой эле күнүнө кеминде 400 грамм жашылча-жемиш жеп турууга кеңеш берген.

Кырдаалга байланыштуу стресске кабылган учурлар көп болгондуктан организмдеги коргоо функцияларын жакшыртуу үчүн D, A, E, C, цинк жана селен витамини менен минералдарын ичсе болорун кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0