Кытай ДССУну коронавирустун тарашы боюнча иликтөөсүнө аралаштырбай жатат

© REUTERS / StringerРаспространение коронавируса нового типа в Китае
Распространение коронавируса нового типа в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ДССУ өкүлүнүн айтымында, уюм вирустун жасалма эмес, табигый жол менен тараганынан шек санабайт. Бирок иликтөөдө лабораториядагы маалыматтар ачык-айкын болушу керек.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Кытай бийлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) коронавирустун жаңы түрүнүн келип чыгышын аныктаган тергөө ишине катышуу боюнча өтүнүчүн четке кагууда. Бул тууралуу эл аралык уюмдун Кытайдагы өкүлү Гуоден Галея билдиргенин РИА Новости жазды.

Ал белгилегендей, жаңы эпидемияны алдын алуу үчүн ДССУга коронавирустун пайда болуу жагдайларын билүү өтө маанилүү.

"Биз Кытайда улуттук тергөө иштери жүрүп жаткандыгын билебиз, бирок ушул тапта катышууга чакырылган жокпуз. ДССУ Кытайдын саламаттык сактоо органдарына жана бийлигине кайрылуусун уланта бермекчи", — деген Галеа бритнаниялык Sky News телеканалына берген маегинде.

Ошондой эле ал Кытай бийлиги уюмга коронавирустун очогу болгон Ухандагы вирусологиялык эки лабораториянын документтери менен иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей койгондугун белгилеген.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
ДССУ: Тажикстан менен Түркмөнстанда пневмониядан өлгөндөр көбөйдү
Галеанын айтымында, ДССУ вирустун жасалма эмес, табигый жол менен таралганынан шек санабайт. Бирок иликтөөдө лабораториядагы маалыматтар ачык-айкын болушу керек.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон коронавирус Кытайдын Ухань шаарындагы лабораториядан  жасалма чыгарылган деген вариантты карап жаткандыгын айтып, анын келип чыгышын иликтөөгө кызыкдар экендигин билдирген. Трамп эгер Пекин COVID-19дун тарашына атайылап жол берсе, кесепети оор экендигин эскертип коркуткан.

Ухандагы Вирусология институтунун жетекчиси Юань Чжимин коронавирусту атайын жасап чыгарды деген сөзгө далил жок экендигин айтып, жооп кайтарган болчу

Жаңылыктар түрмөгү
0