Дүйнөдө коронавируска кабылгандар 3 миллиондон ашты. Миллионго чукулу АКШда

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүДезинфекциялоо бригаданын кызматкери жумуш учурунда. Архив
Дезинфекциялоо бригаданын кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия COVID-19 жуктургандардын саны боюнча Кытайдан ашып өтүп, тогузунчу сапта турат. Деген менен каза болгондор аз.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Дүйнө жүзүндө коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны үч миллиондон ашты. Бул туурасында Жонс Хопкинс атындагы университеттин сайтындагы статистикада жазылган.

Барселона шаарындагы көчөдө киши коопсуз бет капчан бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир нече мамлекет COVID-19га байланышкан чектөөлөрдү жеңилдетип жатат
28-апрелге карата Жер планетасында жалпы 3 миллион 41 миӊ 764 адамдын коронавируска чалдыкканы аныкталды. Алардын ичинен 211 миӊ 167 киши өмүрү менен кош айтышты.

COVID-19 АКШда тездик менен жайылып жатканын байкоого болот, вирус бир миллионго жакын адамга жуккан. Ал эми Россия жуктургандардын саны боюнча Кытайдан ашып өтүп тогузунчу сапта турат. Деген менен башка өлкөлөргө салыштырмалуу каза болгондор аз.

Коронавирус көп катталган 10 өлкөнүн тизмеси:

  • АКШ – 988 197 (каза тапкандар – 56,259);
  • Испания – 229,422 (каза тапкандар – 23,521);
  • Италия – 199,414 (каза тапкандар – 26,977);
  • Франция – 165,963 (каза тапкандар – 23,327);
  • Германия – 158,758 (каза тапкандар – 6,126);
  • Улуу Британия – 158,348 (каза тапкандар – 21,157);
  • Түркия – 112,261 (каза тапкандар – 2,900);
  • Иран – 91,472 (каза тапкандар – 5,806);
  • Россия – 87,147 (каза тапкандар – 794);
  • Кытай – 83,938 (каза тапкандар – 4 637).

Мунун ичинде айыгып чыккандары дагы бар, бирок алардын статистикасы жазылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0