Эрнест Хэмингуэйдин аналогу. Журналист Жульетто Кьезаны эскерүү

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүИталиялык журналист Жульетто Кьеза. Архив
Италиялык журналист Жульетто Кьеза. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
79 жаштагы журналист жана жазуучу Жульетто Кьезанын өлүмү россиялык коомчулук үчүн "селт" эттирген нерсе болду.

"Россиялык окурман Жульетто Кьеза ким экенин өлгөндөн кийин гана билди. Өткөн кылымдын 80-жылдарында Кьеза Александр Зиновьев менен катуу достошкон. Бул достук мамиле бекемделип, эки адамды Россия жана Европа цивилизациясынын тагдырына тынчсыздануу бириктирип турган". Журналист жана философ Владимир Лепезиндин айткандарына таянып жазган колумнист Ольга Зиновьеванын макаласы РИА Новости агенттигине жарыяланды.

Руководитель редакции Р-Спорт МИА Россия сегодня, журналист, радиоведущий, продюсер Александр Калмыков - Sputnik Кыргызстан
Журналист иш күнүн кантип башташы керек? Россиялык адистин кеңеши
Кьеза Россияга байма-бай каттап, телевидениеден сүйлөп, өлкөдөгү жана жалпы дүйнөдөгү кырдаалды ушунчалык таасын сүрөттөп бергендиктен, Россия саясаты менен журналистикасынын ажыратып алгыс бөлүгүнө айланган эле. Мен үчүн Жульетто Кьеза — Эрнест Хэмингуэйдин журналистикадагы аналогу. Албетте, бул жерде кеп дүйнөгө белгилүүлүгү тууралуу эмес, керек болсо чыгармачылыгын да айтканым жок. Аналогияны мен эки кишинин дүйнөнү кабыл алуусунан жана турмуштук позициясынан көрүп жатам.

Хэмингуэй өмүр бою улуу согуштардын активдүү катышуучусу болду. Биринчи жана Экинчи дүйнөлүк согуштарда, Испаниядагы фашисттерге каршы согушта жүрдү. Дайыма улутчулдукка каршы туруп, өз чыгармаларында, ыктыярчылык ишмердигинде адамдык бийик сапаттарды даңазалап келген. Кьеза да ушундай эле, жаштайынан коммунист да болуп, Советтер Союзу менен Россияны жакшы түшүнчү. Өмүрүнүн акырына чейин ушул калыбынан жазган жок.

Жульетто Кьезанын позициясы журналистикада болобу, саясаттабы же аналитикада болобу, эч убакта конъюнктуралык эмес эле. Тескерисинче, агымга каршы сүзүп, Европада күчөп жаткан антикоммунизм менен русофобияга каршы чыкты. Башкача айтканда, өз чындыгынан танган жок. Кьезанын Александр Зиновьев менен бирге биринчилерден болуп факт менен 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йоркто болгон трагедиянын расмий түшүндүрмөсүн, чечмеленишин төгүндөп чыкканы бекеринен эмес.

Жульетто Кьезанын антиглобалдык түшүнүгү акыркы жылдары абдан курчуп кеткен эле. Батыштын атайын кызматтары тарабынан колдоого алынган Киевдеги 2014-жылкы төңкөрүштөн кийин "демократиялык" Европа Россияга тиш кайрап экономикалык санкция жарыялай баштаганда Кьеза Москваны колдоп чыккан сейрек еврожурналисттердин бири болду. Өмүрүнүн акыркы жылдарында Кьеза европалык окурманга жана көрөрманга сабырдуулук менен глобалдык капитализмдин кылмыштуу мүнөзүн түшүндүрүүгө аракет кылды.

Акын Элмирбек Иманалиев  - Sputnik Кыргызстан
Буулуккан булут болдум мен... Эрте кеткен Элмирбек акындын ичти эңшерген баяны
Ошол эле маалда италиялык журналистти Кремлге же россиялык элитага ыктап турат деп да айта алчу эмессиң. Тескерисинче, Кьеза россиялык чиновниктерди, олигархтарды сындап, аларды бийликтин трансулуттук аппаратынын бир бөлүгү деп эсептечү. Ал маданиятты, сапаттуу билим берүүнү жана реалдуу демократияны колдогондордун тарабында эле. Дүйнөлүк журналистикада Кьезадай болуп улам күчөп жаткан цензурага, көмүскөдөгү кылмыштуу кландардын ааламга жаңы, санарип тартип-ыраатты таңуулаган аракетине каршы турган жазмакер болбосо керек. Дал ушул максат менен ал эл аралык "МегаЧип" антиглобалдык ассоциацияны жетектеген.

2016-жылы Жульетто Кьеза "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин "Зиновьев клубунун" мүчөсү болууга макулдугун берген. Клубдун максаты "Россиянын акыйкат образын түзүү" эле. Мындай тилек интернационал журналисттин көз карашына дал келген.

Ооба, биз бүгүн бул инсандын баа-баркын, масштабын чындап билип, сезип, түшүнүп жатабыз. Италиялык досубуз Жульетто Кьезанын орду жоктоло баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0