Бура бастырбаган "Бумерангдын" экспорттук дарамети 1 млрд доллар. Артыкчылыгы

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүМеждународный военно-технический форум "Армия-2019". День третий
Международный военно-технический форум Армия-2019. День третий - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бумеранг" бронетранспортёрлорунун уникалдуу технологиялары, аскердик мүмкүнчүлүктөрү Россиянын, анын союздаштарынын коргонуу жөндөмүн арттырат.

Мындан тышкары, аскерий баяндамачы Александр Хроленко анын заманбап согуштук жаңжалдарда жана эл аралык рынокто россиялык курал-жарактын артыкчылыгын бекемдей турганын айтат.

"Рособоронэкспорт" компаниясы 23-апрелде "Бумеранг" эң акыркы үлгүдөгү, унификацияланган аскердик платформасын четөлкөлүк рынокко илгерилетүүнү баштаганын жарыялады. Ишкананын башкы директору Александр Михеевдин пикиринде, көз жетерлик келечекте экспорттун мүмкүн болгон көлөмү 1 миллиард долларды түзөт.

Мындай баага татышына ынанымдуу технологиялык жана маркетингдик негиздер (жогорку сапат жана орточо наркы) бар. Бул көлүк Африка, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-Чыгыш Азиянын жана КМШ өлкөлөрүнүн кызыгуусун жаратууда.

Танк Т-14 Армата репетиция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыкты деп табылды! Россиялык "Армата" эмнеге Сирияда сыналууда?
"Бумеранг" Россиянын Коргоо министрлигинин тапшырмасы менен иштелип чыккан, ошондуктан бул заманбап согуштук жана эксплуатациялык мүмкүнчүлүктөрүнүн үлгүсү болуп саналат, согуштук аракеттерде заманбап жана келечектүү шарттарына төп келет. Аралыктан башкаруу, тутумдарды роботтоштуруу сыяктуу маанилүү талаптар эске алынган. Бул машина — көптөгөн революциялык инженердик чечимдердин дал өзү.

"Бумерангдын" аскерий артыкчылыгынын технологиялары жана инструменттери: күчтүү куралдануунун ийкемдүү конфигурациясы, ок атууну башкаруунун санарип тутуму, лазердик ыраактык өлчөгүч жана баллистикалык эсептегичи бар көп каналдуу оптикалык-электрондук мээлөөчү комплекс.

Көлүк ок атуучу куралдан, миналык-жардыруучу түзүлүш жана артиллериялык снаряддардын сыныктарынан көп деңгээлдүү коргоого: көп катмарлуу заманбап соот, динамикалык жана активдүү тутумдар, түтүн чүмбөтүнө ээ. Мина жарылса да экипаж (үч киши) жана десант (8 жоокерге чейин) катарда калат.

"Бумерангдын" согуш талаасындагы жогорку кубаттуулугун радиобашкаруучу жардыргыч түзүлүштөрдү бөгөттөгүчтөр, корпустун өзгөчө формасы, деформациялоочу боёгу, массалык кыйраткыч куралдан коргоо тутуму камсыз кылып турат.

"Бумеранг" модулдук платформасы ар кандай курал-жарак менен жабдылган, тынч жана согуш, табигый алаамат жана кырсык шартында, террордук топторго каршы күрөштө, кагылыш тилкесинде кубаттуу бронетранспортерлордун линиясын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Аскердик артыкчылыгы

"Бумеранг" алгач ирет кеңири коомчулукка 2015-жылы Москвадагы Жеңиш күнүндөгү парадда тааныштырылган. Аскердик мүмкүнчүлүктөрү жана аткарган аракеттеринин түрлөрү боюнча көлүк чет элдик аналогдорунан алда канча ашып түшөт.

Жакынкы келечекте "Армата" танкы жана МП Т-15 (чынжыр платформасындагы) менен биргеликте "Бумеранг" Россиянын Кургактагы күчтөрүнүн кубатынын негизине айланат.

Функционалдык багытына жараша универсалдык платформага куралдын киши аркылуу жана аралыктан башкарылуучу тутуму өңдүү модулдары монтаждалат.

"Бумерангдар" 30 миллиметрдик (же 57 мм) автоматтык замбирек жана кошоктолгон 7,62 мм пулемёт, 30 мм автоматтык гранатомёт, "Корд" 12,7 мм пулемёту, ПТРКны кыймылга келтирүүчү кош орнотмосу (10 чакырымга чейинки аралыктан жок кылууга жөндөмдүү "Корнет" танкка каршы комплексинин төрт ракетасы менен) жабдылат.

Учения системы материально-технического обеспечения Восточного военного округа - Sputnik Кыргызстан
Россиялык "Циркон" Дүйнөлүк океандагы нукту өзгөртөт. Ага каршы курал жок
Бекемдик, кубаттуулук жана шасси конструкциясынын запасы андан да кубаттуу замбиректерди, зениттик ракеталык комплекстерди орнотууга жол ачат. Ар кандай аба шарттарына туруштук берчү тутумдары менен экипажга күнү-түнү, ордунан да, жүрүп баратып да, суу үстүндө да душмандын күчүн жана ок чыгарган түйүндөрүн, сооттолгон жана сооттолбогон буталарды, ошондой эле жапыз учкан аба көлүктөрүн да ("Бумеранг" сокку уруучу тик учактар менен салгылашууга жөндөмдүү) натыйжалуу жок кыла алат. Башкаруу, навигация жана чалгындоонун санарип жабдыктары машинанын тактикалык деңгээлдеги тескөөнүн бирдиктүү тутумуна интеграцияланышын камсыз кылат.

Бронетранспортёрдун башкы милдеттеринин бири – ок жаап турган маалда болгон күчү менен аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо. Ошондуктан курал-жарак топтому, жабдыгы экипаж жана десанттан бөлөк жайгаштырылган. Жогорку жарым бөлүгүнө орнотулган активдүү коргоо аскердик көлүктү танкка каршы жогорку тактыктагы ракета жана снаряддардан коргойт.

Маневр жасоо жөндөмдүүлүгүнүн мыктылыгы, ылдамдыгы жана модулдук-чогултулган схема: алдыңкы сол тарабынан башкаруу бөлүгү, алдыңкы оң жагынан мотордук-трансмиссиялык бөлүгү, ортосундагы аскердик бөлүгү, кубаттандыруучу бөлүктөгү десанттык бөлүгү коргойт. Сарамжалдуу 750-күчтүү дизелдик кыймылдаткыч 20 тонналык машинага шосседе саатына 100 чакырым жана жаман жолдо саатына 50 чакырымдай жүрүүнү, маневр жасоо жөндөмдүүлүгүн (бардык 8 дөңгөлөгүнө тең бирдей салмак бөлөт), 800 чакырымдык жүрүш запасын камсыз кылат. Салыштырып көрсөңүз, БТР-82А шосседе жана жаман жолдо саатына 80 жана 40 чакырым жүрөт.

Аскердик көлүк үч баллга чейинки толкунда суу тоскоолуна туруштук бере алчу, сууда саатына 10 чакырым ылдамдык жана 12 сааттык жүрүш запасы өңдүү амфибиялык өзгөчөлүктөрүнө ээ.

Ынанымдуу бронетранспортёрдун дөңгөлөктүү базасы көпкө бузулбайт, эксплуатациялык чыгымдары да көп өлчөмдө эмес (чынжыр тамандуу техниканын эксплуатациясы кымбатыраак). Албетте, мынчалык универсалдуу жана күчтүү платформа ар багытта (чалгындоочу машина, радиоэлектрондук күрөш тутумун ташуучу, медициналык жана башка кызматтар көлүгү катары) ийгиликтүү пайдаланылат.

Атаандаштар артта калды

Эл аралык курал-жарак рыногу: америкалык Stryker, канадалык LAV, швейцариялык Piranha, франциялык VBCI, немис-голландиялык Boxer, австриялык Pandur, түркиялык Pars өңдүү бронетранспортёрлорго жык. Рынокто жыл сайын миллиарддаган доллар жүгүртүлөт.

 Россиянын гиперүндүү курал системаларын сыноо - Sputnik Кыргызстан
РФ гипер үндүү курал боюнча АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартпайт. Бир шарт менен
Россия мурда да сооттолгон аскердик машиналарды чыгаруу рейтингинде алдыңкы сапты ээлеп келген. Мисалга, 2010-2017-жылдар аралыгында 1,483 млрд долларга 1206 машина сатылган, экспорттун негизин БМП-3 жана БТР-80А түзгөн. "Бумеранг" Россиянын коргонуу багытынын позициясын бекемдеп гана берет. Мисалга, америкалык Stryker тобундагы аналогдору курал жабдыгы жана кыймылдаткыч күчү (350 гана аттын күчү) жагынан артта калат. Аскердик сооттолгон Stryker машинасы америкалык General Dynamics Land Sistems жана канадалык General Motors Defence компаниялары менен биргеликте канадалык LAV III Kodiak бронетранспортёрунун негизинде иштелип чыккан.

Өз кезегинде "канадалык көлүк" швейцариялык КБМ Piranha IIIнүн репликасы болуп саналат. Stryker аскердик унаасы 2000-жылдардын башында АКШнын армиясындагы механизациялаштырылган бригадаларды жабдуу үчүн багытталган (M1 "Абрамс", "Брэдли" БМП М2 танктары менен жабдылган жана жөө аскер бригадаларынын ортосундагы позицияны ээлеген.

2015-жылга чейин "Страйкерлердин" 12,7 миллиметрдик пулемёттору гана болсо, жакындан тарта (Европада) 30 миллиметрдик замбирек менен жабдыла баштады. Америкалыктар канадалык LAV-III сооттолгон машинасын негиз катары алышкан. Натыйжада оор, манёвр жасоо жөндөмдүүлүгү азыраак, россиялык БТР-80 менен атаандаша ала турган, бирок майданда БТР-82А менен бет келишсе, америкалык M1126 Stryker оңбой калат. Россиялык аскердик сооттолгон машинанын 30 миллиметрдик замбиреги эки чакырым аралыктан каршылашын калбырга айлантып коёт.

"Бумерангдын" башкаруу жабдуусу таптакыр башкача технологиялык деңгээлде. Мурда да бир топ варианттарды карап келгенбиз. Ошентсе да, бир мисал келтирели: жарым автоматтык башкаруудагы "Корнет" ПТУР өз алдынча из кууп, мээлегенин соо калтырбайт. Оптикалык локаторлору билинбес буталарды да жок кыла алат.

Калыстык үчүн батыш европалык үлгүлөрдү да карап чыгалы. Дүйнөдөгү кыйла заманбап жана кеңири таралган скандинавиялык Patria AMV (armored modular vehicle) сооттолгон көлүгү 2004-жылдан бери чыгарылып келет (бул топтогу эки миң чакты машина менен сегиз өлкө жабдылган).

Patria негизги модификациялары: бронетранспортёрлор, дөңгөлөктүү БМП, медициналык жана ремонттук-эвакуациялык машиналар, өзү жүрүүчү танкка каршы комплекстер жана минометтор. Жакын арада скандинавиялык көлүк кыймылдаткыч күчү (540 аттын күчүнө барабар), коргонуусу жана куралдык жабдуусу жагынан "Бумерангга" караандабайт.

Patria үчүн варианттар аз эмес: 7,62 мм UKM пулеметтуу 30 мм замбирек Мк-44 Bushmaster II, танкка каршы курал (Patria AMV БМП) же Browning пулемету/12,7 мм (Patria AMV БТР) орнотулушу ыктымал.

Ту-22М3 ультраүндүү бомбалоочу учак-ракета. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Кинжал" кайтып келди. Россиянын Ту-22М3 учагын кайра учурушуна эмне себеп?
"Бумерангдын" бурулуш радиусу Patria жана башка модулдук европалык аналогдорго караганда эки эсе кичине. Анткени россиялык конструкторлор көлүктүн дөңгөлөктөрүндө айлануунун айкалыштырылган ыкмасын пайдаланышкан.

Технологиялык артыкчылыгы арбын экенин ушундан билиңиз, "Рособоронэкспорт" тарабынан мурда айтылган миллиард доллар (дүйнөлүк рыноктогу) кыязы биринчи баскычтагы гана программа өңдөнөт. Бул аскердик көлүктүн келечеги ийгиликтүү экени турулуу иш.

Жакынкы убакка чейин эле россиялык курал жасоочулар чынжыр тамандуу сооттолгон аскердик техника жаатында гана алдыңкы сапта эле. Ал эми бүгүн дөңгөлөктүү "Бумеранг" бронетранспортёру да алга карай сүрөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0