Жыгач уста үйдө жатып мультимиллионер болду. Улуу Британиядагы окуя

© AFP / ASHRAF SHAZLYКиши доллар купюраларды кармап турат. Архив
Киши доллар купюраларды кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мультимиллионер болгон жыгач устанын апасы жергиликтүү мектептердин биринде пол жуугуч болуп иштеп келет.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Улуу Британия тургуну, жөнөкөй эле жыгач уста лотереядан утуп, мультимиллионер аталды. Бул тууралуу Daily Mirror басылмасы жазды.

Маалым болгондой, 38 жаштагы Райан Хойл супермаркеттен дайыма лотерея билетин сатып алчу. Коронавирустан улам изоляция режими учурунда ал онлайн режиминде дагы бир ирет ойноп көрүүнү чечет. Кийинчерээк электрондук почтасын текшерсе, 58 миллион фунт стерлинг (70 миллион долларга жакын) утканы тууралуу билдирүү келген.

Ишкер Алтынай Тапаева - Sputnik Кыргызстан
Тоок сатып байыган Алтынай. Кыргызстандык кыздын ийгилик сыры
Хойл азыркы жумушун андан ары улантаар-улантпасын билбей жатканын айтып, бирок алган буйрутмаларын бүтүрүп берерин убадалаган.

"Акчаны жалаң өзүмө сарптабайм. Үй-бүлөмө жана жакындарыма жардам бергим келип жатат. Апам жергиликтүү мектептердин биринде пол жууп иштейт. Аны мөөнөтүнөн мурда пенсияга жиберсем сонун болмок", — деген ал.

Хойл лотереядан уткан акчага автоунаа алып, үй салып, кызын Флорида штатындагы "Уолт Дисней" эс алуу борборуна алып барып келерин да кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0