Мунайдын артынан газ каатчылыгы күтүп турабы? Келечекке божомол

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүПредприятие ООО РН-Пурнефтегаз в Ямало-Ненецком автономном округе
Предприятие ООО РН-Пурнефтегаз в Ямало-Ненецком автономном округе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мунай сымал эле газга болгон суроо-талап да азайып барат. Албетте, жылуулук жана коммуналдык-тиричилик тармагында суроо-талап туруктуу бойдон, бирок өндүрүштө, электр энергетикасында (өндүрүштүк багытта) белгилүү себептерден улам төмөндөөдө.

Мунай тармагынан айырмаланып газ боюнча ОПЕК+ сыяктуу макулдашуулар жок, демек мында тек гана рыноктук күчтөр өкүм сүрөт. Эгер газ боюнча да ОПЕК өңдүү уюм иш алып барса, бааны бир калыпта кармап туруу мунай рыногундагы кырдаалга салыштырмалуу алда канча оңой болмок. Анткени газга болгон суроо-талаптын азайышы мунайга караганда төмөнүрөөк, ал эми кен казууну жөнгө салуу жеңилирээкн экенин жазат баяндамачы Александр Собко.

Тармакта карантинге чейин эле сунуштун көп экени байкалган: болжонгондой суюлтулган жаратылыш газы ашыкча өндүрүлгөн, анын үстүнө кыш да жылуу болду. Украиналык транзиттин токтотулбай калышынан улам Европада сактоочу жайлардын толуп калышы өңдүү көрүнүштөр газ индустриясына кошумча татаалдыктарды жаратат.

Кандай болсо да газ тармагында атаандаштык курчуп барат, импортчулардын сатып алышы азайды, азырынча мунай тармагындагыдай кыйсыпыр түшпөсө да баа ылдыйлоодо. Дүйнөдө газга суроо-талаптын канчалык азайганы туурасында азыр толук картина жок, ал эми өлкөлөрдө жагдай ар башка, ар биринде энергетикалык баланс жана керектөө тармагындагы газдын үлүшү ар бөлөк.

Мунай чыгаруучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Орустар мунай согушунда жеңип бараткандай... Рыноктогу кыйсыпыр
Мисалы, АКШда газ баасынын төмөндөшү өнөр жайда жана электр энергиясын иштеп чыгууда да дээрлик байкалбайт. Индияда жагдай башка: мамлекеттик ONGC суроо-талаптын ылдыйлаганынан улам өз өндүрүшүн 15 пайызга кыскартты. Өлкө кен казуу кубаттуулуктарынын тетиктерин бурап жатса, газды (Индияда суюлтулган жаратылыш газы) импорттоо жөнсүз болмок. Импорт кепилденген келишимдик милдеттенмелер алкагында гана сакталышы ыктымал. Европада электрогенерацияда газды пайдалануу төрттөн бир деңгээлге азайды. Натыйжада суюлтулган жаратылыш газынын споттук баалары болуп көрбөгөндөй төмөндөп, миллион британ жылуулук бирдиги (БТЕ) эки доллардан бир аз ашты, болжол менен бул — миң куб метрине 70 доллар. "Кара алтындын" баасы 25 доллар болуп турганда суюлтулган жаратылыш газынын миллион британ жылуулук бирдиги үч доллардын тегерегинде болуп турат.

Эске салсак, суюлтулган газ эл аралык газ соодасынын үчтөн бир бөлүгүн, бирок глобалдык газ рыногунун 15 пайыздан азыраагын түзөт. Түтүк аркылуу россиялык экспорт эмне болот? Анын Европага экспорттолушу азыр кыскара элек, быйылкысы эң жогорку көлөмгө чукул деңгээлде. Украиналык транзиттик сюжеттин айрым кесепеттеринен улам 2020-жылдын өзү экспорттун көлөмүнүн азайышы менен башталган. Көп өтпөй экспорттун көлөмү былтыркыга караганда төмөнүрөөк (15-20 пайызга) деңгээлге көтөрүлгөн. Кандай болсо да Евробиримдиктеги карантиндик чаралар россиялык экспортко таасир этпейт. Бирок Ливия жана Алжирден Италияга экспорттоо эки эсеге төмөндөдү. Жылуулук сезонунда деле анчалык бөксөрбөгөн европалык газ сактагычтар эки эселенген күч менен толтурулууда. Ошондуктан быйыл украиналык газ сактагычтардын европалык газ рыногундагы иштерге кызуу катышууга мүмкүнчүлүгү жаралары кызыктырбай койбойт.

Карантиндик чаралар кайсы бир убакка чейин узартылып калса, мунай тармагындагыдай мүмкүн болгон бардык кубаттуулуктар толтурулат. Мындай учурда Украинадагы газ сактагычтардагы бош көлөмдөр жайында трейдерлерге өтө төмөн баада кызык болушу мүмкүн. Бир эле убакта экспорттун кыскарышы да ыктымал. Суюлтулган газды экспорттоо аны суюлтууга болгон ички жогорку баадан улам биринчи кезекте АКШда орун алышы күтүлөт.

Калган өндүрүшчүлөр өздүк наркы боюнча бардык чыгымдарга чыдап болсо да, күнүмдүк чыгымдарын жабуу үчүн суюлтулган жана жаратылыш газынын өндүрүшүн токтотпойт.

Формалдуу белгилери боюнча суюлтулган газ заводдору токтоп калчудай болсо да, азырынча толук токтоп калганын көрө элекпиз. АКШдагы баа — миллион БТЕ 1,8 доллар, ага суюлтуу үчүн 15 пайызды жана жеткирүү акысы үчүн дагы бир долларды кошсок, Европада бул үч долларга чыгат.

Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунайдын арзандашы сомго жана КР экономикасына коркунуч келтиреби?
Азыр Евробиримдик аймагында баа төмөн, эки доллардын тегерегинде, бирок эмнеге экспорт дале уланууда? Кептин баары операциялык (күндөлүк) чыгымдар менен эсептелгенинде. Айкын мисал — жеткирүү акысы. Формалдык белгилер боюнча дал ушул операциялык чыгым болуп саналат. Иш жүзүндө көп учурда газовоздор узак мөөнөттө жүк ташыйт, башкача айтканда, ижара акысы мурдатан төлөнгөн. Ошондо жеткирүүгө күйүүчү май чыгымдары гана эсепке алынат: мунайдын артынан арзандаган кеме майы, көп учурда бууланган газ пайдаланылат, ал кеме жүрө баштаганда бууланып кетет.

Россия дагы АКШ жана Европадагы баа теңделген жагдайга жакындап калды (эки доллардын айланасында)! Чынында бул баа – башкы америкалык хабдагы баа, ал эми аймактардагы хабдарда баа мындан да төмөн болушу мүмкүн.

Кандай болсо да экспорттук өндүрүштүн толук токтотулушунан азырынча кеп козголо элек. Бирок жакынкы айларда америкалык суюлтулган газды пландуу чыгарууну 10дон 30га чейин жоюу туурасындагы билдирүүлөр болуп калышы мүмкүн.

АКШда газдын ички баалары түшкөн жок, ал тургай бир аз жогорулап барат: белгиленген баа миллион БТЕ эки долларга чейин чыккан! Албетте, жай убакта бул анчалык жогору эмес, бирок пандемия шартында бул жаман эмес. Бул эмнеге байланыштуу? Биринчиден, АКШда газга болгон суроо-талап дээрлик түшкөн жок. Экинчиден, аны өндүрүү кыскарууда, анткени миллион БТЕ эки доллардан төмөн баа өндүрүшчүлөргө туура келе бербейт. Мунай сымал ыкчам болбосо да, иштеп жаткан бургулоочу газ дагы кыскарууда. Үчүнчүдөн, АКШда алынган газдын 20 пайызга жакыны мунай казуудагы анда эритилген газ менен шартталган, демек, мунай өндүрүүнү кыскартуу газ көлөмүнүн да азайышына алып келет.

АКШдагы газдын ички баасынын өсүшү жакшы жаңылык, анткени азыркы шарттарда дал ушул баа глобалдык газдын баасы үчүн анык бир "чекти" белгилөөдө. Platts божомолу боюнча, 2020-жылы суюлтулган газдын дүйнөлүк рыногу төрт пайызга өсөт!

Салыштырсак, 2019-жылы бул тармак 13 пайызга жогорулады (355 миллион тоннага), бул абдан жакшы көрсөткүч болуп саналат, жакынкы жылдары коронавируска чейинки сценарийде өсүш аз болору күтүлгөн. Былтыркы жылдагы өсүшкө россиялык өндүрүшчүлөр да, эң оболу "Ямал СПГ" экинчи жана үчүнчү линиялары өз салымын кошкон.

Газ жана суюлтулган жараталыш газынын баасын дагы кандай факторлор колдойт?

Ар кыл тармакта коронавирустун кесепетинен суроо-талаптын азайышы куру дегенде сунушту чектөө (тигил же бул өндүрүшкө карантиндик чаралар) менен жайгарылат деген пикир бар.

Мунай платформасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай мунасасы: мындан аркы кадамдар кандай болот?
Айрым объектилерде коронавирус очоктору катталса да, газ алуу жана газ суюлтуу заводдорунда азырынча мындай байкала элек. Бирок курулуп жаткан өндүрүштөрдө, анын ичинде "Арктик СПГ-2" үчүн Мурманскиде курулуп жаткан гравитациялык платформасында бул көйгөй бар. Коронавирус Мозамбиктеги долбоорго ачык таасир этти. РФ бул өлкөдөгү долбоорлорго жетишерлик көңүл бөлүп келет, анткени жакынкы жылдары дал ошол жакта (ошондой эле ага кошуна жайгашкан Танзанияда) газдын шельфтик корунун негизиндеги суюлтулган газдын өндүрүштүк ири борборлорунун бири ачылат.

Ушул тапта (курулуп жаткан эритүүчү чакан заводдон тышкары) ал жерде Mozambique LNG ири өндүрүшүнүн курулуш иштери жүрүп жатат, ал эми Rovuma LNG курулушуна даярдык көрүлүүдө. Долбоорлордун биринчисинде коронавирус очогу катталды. Мындан сырткары, Мозамбикте экстремисттик топтор да жанданды.

Бул эки фактор курулушту создуктуруп, келечекте Мозамбиктеги заводдордун ишке берилиши пландалган мөөнөтүнөн жылдырылышы ыктымал. Танзаниядагы "кагаздагы" долбоорлорун айтпай эле коелу. Кеп бир нече жылга багытталган орто мөөнөттүү келечек жөнүндө экенин эскертип койгон оң. Бирок дүйнөлүк экономиканын басаңдашы карантин аяктаганда да газга болгон суроо-талаптын өсүш ыргагын жайлатат. Ошол себептен, жаңы өндүрүш пландалгандан кечирээк ишке киргизилсе, бир нече жылга орто мөөнөттүк келечекте бул газдын жана суюлтулган жаратылыш газынын дүйнөлүк баасын колдоп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0