22:33 11 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
236 0 0

Финдер көзөмөлдөгөн Карелия-Фин ССРинде 1941-1944-жылдар аралыгында башка улуттун өкүлдөрү үчүн ондогон концлагерлер курулуп, анда баш-аягы 50 миңдей туткун болгон.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Карелиядагы фин концлагерлеринде кармалган мурунку туткундар Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкинге кайрылып, Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы оккупациялык бийликтин аракетин иликтөөнү өтүнүштү.

Буга чейин РИА Новости агенттиги "Без срока давности" долбоорунун алкагында фин фашисттеринин советтик элге каршы жасаган кылмыштарын таап чыккан. Ал ФСБнын Карелия аймактык башкармалыгы тарабынан чечмеленип, эч жакка жарыяланган эмес. Дүйшөмбү күнү Россиянын Тергөө комитети текшерүү жүргүздү.

"Биз, төмөндө кол койгон Петрозаводск шаарындагы концлагерлердин туткундары жана фин оккупанттарынын антигумандык мамилесинин күбөлөрү, Сизге кайрылып, фин армия командачылыгынын жана аларга жардам бергендердин жасаган кылмыштарын иликтөөнү суранабыз", — деп айтылат Валентина Мошникова, Тамара Кардаш, Ленина Макеева жана Галина Чапуринанын жазган катында.

Кайрылууда фин баскынчыларынын калкты улутка бөлүп, кордоп, кырып-жоюп жаңы тартиптерди орноткону белгиленет. Авторлор "бул аракеттердин баарында геноциддин белгилери болгонун" жазышкан.

Концлагерлерде кармалган туткундар оккупациялык режимдин жетекчилиги Карелия тургундарына каршы жасалган кылмышы үчүн эч кандай жоопкерчиликке тартылбаганына токтолушкан.

Ал эми туткундардын бири Ленина Макеева күбө катары чыгууга даяр экенин билдирди. Анын айтымында, концлагерде Макеева эки жыл сегиз ай кармалган. Өлгөндөн калганын Кызыл армиянын жоокерлери 1944-жылы 28-июнда бошотуп алышкан.

"Мен күбө катары чыгууга даярмын. Ал кылмыштар 75 жылдан кийин ачыкталып жатканына өкүнөм. Бул нерсени эбак эле жасаш керек болчу. Кезинде Финляндиянын президенти Тарье Халоненге кат жолдогом. Андан: "Биз Советтер Союзуна бардык контрибуцияларды төлөп бергенбиз", — деген жооп келди. Мен Германия жасаган күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураганын мисал келтирген элем", — деди Макеева.

Бала кезинде башынан өткөргөн окуяларды 84 жаштагы карыя көз жашсыз айта албайт.

"20 чарчы метрлик жерде 15 киши элек. Күбө, бит деген жайнайт. Эмидемия башталды. Келте, цинга... Эл кырыла баштады. Тамагыбыз жарытарлык болбогондуктан туткундардын өлүмү көбөйдү. Жети кишиден үй-бүлөбүздө үчөө ачкачылыктан өлдү. Чалканды баса калып жечүбүз. Тартип бузсак туздуу сууга чыланган тал чыбык менен сабашчу. Кээде учуна металл шайба байланган желим таяк менен токмок жечүбүз", — деп айтып берди Макеева.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө көзү тирүү азганактай туткун калды, баары 80-90 жашка таягандар.

"Карелиянын аймагындагы концлагерлерде 32 миң киши бар болчу, 18 миңи ошол жакта каза болду", — деди карыя.

Макеева Москвадагы Жеңиш парады өтпөй калганына катуу өкүнүп жатканын билдирген. Ал ардактуу меймандардын катарында, бирок ден соолугуна байланыштуу кийинкиге жылдырылган мааракелик иш-чарага бара албай калышы да мүмкүн.

Ушу тапта Россиянын Тергөө комитети кылмыш фактысы боюнча текшерүү баштады. Материалдарды иликтеп чыккандан кийин фин баскынчылары менен аларга көмөк көрсөткөндөрдүн аракетине тергөөчүлөр укуктук баа беришет.

Эскерте кетсек, финдер көзөмөлдөгөн Карелия-Фин ССРинде 1941-1944-жылдар аралыгында башка улуттун өкүлдөрү үчүн ондогон концлагерлер курулган. 1942-жылдын апрелине карата ал жакка 24 миң туткун алып келинген. Бул ошол аймактагы элдин 30 пайызы эле. Архивдик материалдагы маалыматтарга ылайык, лагерлерде көбүнчө славян улутундагылар, башкача айтканда, 90 пайызы орустар, белорустар жана украиндер эле. Тарыхчылардын айтымында, үч жылдын аралыгында курулган 14 концлагерден (анын алтоо Петрозаводск шаарында) 50 миңдей адам өткөн.

Тема боюнча

Улуу Ата Мекендик согушка таасир берген Айдаркендин сымабы. Кызыктуу баян
13 жашында намыска жараган волейболчу. Окумуштуу Кайып Оторбаев жөнүндө 7 факты
Белгилер:
кылмыш, Россия, тергөө, туткун, Карелия, Улуу Ата Мекендик согуш

ЭҢ МААНИЛҮҮ