АКШдагы тез татым фирмасы бузулган тамактар үчүн 25 млн. доллар төлөп берет

© AFP / Monica SchipperТез татым тамагы. Архив
Тез татым тамагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үч жыл ичинде 1100 адам ууланган. Компания кардарлардын коопсуздугун сактап, ишинин сапатын жакшыртууга макул болду.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. АКШда тез татым боюнча иштеген Chipotle Mexican Grill ресторандар тармагы бузулуп кеткен тамагы үчүн 25 миллион доллар айыпка жыгылды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Мурзашев: арзандатуу учурунда алынган тамак-ашка уулангандар көп
Аларга Американын Юстиция министрлиги 2015-2018-жыл ичиндеги тамактан уулангандарды эсептеп чыгып, күнөө такты. Эскирген тамак жеп алган 1100 кишинин ичеги-карыны менен ашказаны жабыркаган.

Мындай кишилер Виргиния, Огайо, Бостон жана Лос-Анджелесте катталган.

Ресторандардын бири компанияга бир кызматкеринин ооруп калганы туурасында кабарлаган. Мындан сырткары, алардан тамактанган кишилердин абалы начарлаганы белгилүү болгон.

Айып пулдан сырткары фирма тамактарды бузулуп кетпей сактай турган ыкмаларды киргизүүгө убада берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0