Изоляция режиминен улам үңкүрдө калган туристтер. Индиядагы окуя

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүҮнкүрдөгү адамдар. Архив
Үнкүрдөгү адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алты туристтин төртөө эркек, экөө аял. Алар Франция, Түркия, Украина, АКШ жана Непалдан келишкен. Бул аймакка изоляция режими киргенге чейин алар Муни Ки Рети мейманканасында жашап жатышкан.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Индияга коронавирустан улам киргизилген изоляция режими бүткөнгө чейин алты турист Ришикеш шаарынан анча алыс эмес үңкүрдө жашап жатышкан. Бул тууралуу CNN телеканалына таянып, "Известия" басылмасы жазды.

"Булар үңкүрдө 24-марттан бери жашап жатышкан. Полиция аларды жекшемби күнү таап, Сварг-Ашрамга алып келген. Вирустун алдын алуу максатында аларды эки жумага карантинге алалы деп сурандык. Бирок алты адам тең дени сактай эле көрүнүштү", — деген штаттын полиция кызматынын өкүлү Уттаракханд Мукеш Чанд.

Ситуация в Индонезии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Карантинде көчөгө чыккандарды "арбактар" коркутууда. Индонезиядагы окуя
Маалым болгондой, алты туристтин төртөө эркек, экөө аял. Алар Франция, Түркия, Украина, АКШ жана Непалдан экени айтылды. Бул аймакка изоляция режими киргенге чейин алар Муни Ки Рети мейманканасында жашап жатышкан. Акчалары түгөнгөндөн кийин үңкүрдү көздөй жөнөшкөн.

Коронавирустан улам Индияда изоляция режими 3-майга чейин иштейт. Өкмөттүн токтомуна ылайык, 20-марттан тарта ал жакка чет элдик туристтердин кирүүсүнө тыюу салынган.

Акыркы маалыматтар боюнча, Индияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 18 миңден ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0