ЖМК: операциядан кийин Ким Чен Ындын абалы кескин начарлап кетти

© REUTERS / KCNA KCNAТүндүк Корея башчысы Ким Чен Ын
Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ын - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, 12-апрель күнү адистештирилген ооруканага борбордогу эң мыкты хирургдар чакыртылган.

БИШКЕК, 21-апр. – Sputnik. Түндүк Корея башчысы Ким Чен Ындын абалы операциядан кийин начарлап кетти. Бул тууралуу CNN телеканалы америкалык администрациядагы булактарына таянып кабарлады.

Өткөн шаршембиде түндүккореялык лидер көп жылдардан бери биринчи ирет маанилүү улуттук майрамдардын бири — өлкө негиздөөчүсү Ким Ир Сендын 108 жылдыгына арналган салтанатка катышкан эмес. Мамлекет башчысын эл алдынан акыркы ирет 11-апрелде көрүшкөн.

Маалыматка караганда, ага жүрөк оорусуна байланыштуу операция жасалган.

“АКШ Ким Чен Ындын абалы операциядан кийин кескин начарлап кеткени боюнча чалгындоонун маалыматтарын изилдеп жатат”, — дешти телеканалдан.

Ошондой эле жергиликтүү Daily NK басылмасы жазганына караганда, 12-апрель күнү адистештирилген ооруканага борбордогу эң мыкты хирургдар чакыртылган. Тийиштүү процедуралар аткарылгандан кийин лидердин абалы жакшыра баштаган. Ал эми көпчүлүк медиктер 19-апрелде үйлөрүнө кое берилген.

Учурда дарыгерлер Ким Чен Ындын абалына көз салып гана турганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0