Имбирь кимдин ден соолугуна зыян экенин дарыгер айтып берди

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүИмбирь. Архив
Имбирь. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис татымалдардын жардамы менен иммунитетти бекемдейм дегендер жеген тамак-ашына көңүл буруп, олуттуу мамиле жасоо зарыл экендигин айткан.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Ашказан жана ичеги ооруларынан жапа чеккендерге имбирь жегенге болбой тургандыгын РИА Новости башка ЖМКларга чыккан нутрициолог, Диетологдордун улуттук коомунун мүчөсү Ольга Деккердин айтканына таянып жазды.

Анын берген кеңештерине караганда, бул татымал ашказандын оорусун козгоп, анын жарасын жана гастритин күчөтөт.

Имбирдин белогу төмөн диетадагыларга пайдасы жок экенин кошумчалады.

Ал белокту организмге пайдалуу заттарды ташыган каражат катары атап, организмде тартыш болгондо кандай гана азык болбосун, жардамын тийгизбейт деп эскерткен.

"Эгерде белок жок болсо, тамак толук кандуу деп эсептелбейт. Киши чипсы же шоколад жеп, артынан имбирь кошулган суу ичип коюп ден соолукка профилактика жасадым десе жаңылышат", — деген Деккер.

Татымалдардын жардамы менен иммунитетти бекемдейм дегендер жеген тамак-ашына көңүл буруу зарылдыгын айткан. Андан сырткары, суу ичип, суюктуктун организмдеги көлөмүн теңдештирүүгө көңүл буруу өтө маанилүү экендигин кошумчалаган.

Буга чейин адистердин кеңешинде башка бир нече азыктардай эле имбирь дагы вируска каршы эң майнаптуу татымал болуп эсептелери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0