00:00 06 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.1102
  • EUR86.6140
  • RUB1.0938
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
Дүйнөгө жайылган коронавирус (843)
221 0 0

Дүйнөдөгү кофенин үчтөн эки бөлүгүн өндүргөн Колумбия, Бразилия жана Перу мамлекеттеринде келерки айда түшүм жыйноо башталат. Бирок кофе данын терип иштегендер айлыктын аздыгынан жана вирустан коркуп жумушка чыкпай жатышат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жакында дүйнө жүзү боюнча кофе тартыштыгы пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, буга коронавирус пандемиясы себеп болууда.

"Дүйнөдөгү кофенин үчтөн эки бөлүгүн өндүргөн Колумбия, Бразилия жана Перу мамлекеттеринде келерки айда түшүм жыйноо башталат. Бирок вирустун тарап кетишин алдын алуу максатында жумушчу күч азайтылган. Ошондой эле кофе данын терип иштегендер айлыктын аздыгынан жана вирустан коркуп жумушка чыкпай жатышат", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин эле пандемиянын айынан кофе аз болору, анын ордун толтуруу үчүн былтыркы запастар рынокко чыгарылары айтылган.

Бирок кофесиз калуудан корккон эл аны көп сатып алып жаткандыктан, запас дээрлик түгөнө баштаган.

Адистер жакын арада кофенин баасы алда канча көтөрүлөөрүн айтууда.

Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (843)

Тема боюнча

Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт
Белгилер:
баа, пандемия, запас, кофе, Дүйнө

ЭҢ МААНИЛҮҮ