19:22 05 Кулжа 2020
Түз эфир
  • USD74.2343
  • EUR84.1186
  • RUB1.0816
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1873 0 0

Коронавирустан кийинки дүйнөлүк түзүмдү көбүнесе Кытай, АКШ жана Россия тарабынан орнотулат деген пикирди ушул тапта байкоочулар (мисалы, South China Morning Post) тегин жерден оозанбагандыр.

Пандемия башталардан бир аз мурун да дүйнө дал ушундай "Үч үлкөндүн" түзүлүшүнө бара жатканы айтыла баштаганын белгилейт серепчи Петр Акопов.

АКШга түгөй катары Евробиримдикти да кошууга болот, атургай зарыл. Бирок мурдагыдай бирдиктүү Батыштын кенже өнөктөшү тартибинде эмес, потенциалдуу түрдө таптакыр өз алдынча күч катары кароо абзел. Бул күчтүн көйгөйү — башынан  өздүк идентификациясынын каатчылыгын кечирип жатканында. Анын келечеги Америкага баш ийүү биримдигинде эмес, эрк жана өз алдынча ойноо жөндөмүнө да ээлик кылбайт.

Эммануэль Макрон тынымсыз айтып келе жаткандай, Европа келечектеги өз орду жана ролунун глобалдуу көз карашынын жетишсиздигинен аксайт. Бирок коронавирустун айынан жаралган каатчылык анын өз алдынчалыгын кайтарууну тездетпейт, тескерисинче, биримдикти убактылуу чабалдатат. Ошондуктан кыска мөөнөттүү келечегинде жакынкы эки-үч жылда дал үч активдүү, салмактуу оюнчу дүйнөлүк түзүмдүн кайра түптөлүшүнө чечүүчү таасир этет.

Кытай менен АКШга салыштырмалуу Россиянын экономикалык чабалдыгы бул "Үлкөн үчилтиктин" катышуучусу макамынан ажыратпайт, анткени муну бардык фронттордогу активдүү геосаясий аракеттери, тарыхый тажрыйбасы жана кадыр-баркы менен толуктап коет.

Крым жаатындагы Украинанын чагымына жооп кайтаруу менен Россия 2014-жылдын көктөмүндө дүйнөлүк тарыхта жаңы бир бөлүм ачкан. Бул кадамы менен АКШнын Россияга бөгөт коюу жана бүт дүйнөдөн оолактатуу, ааламдын жүзүн бурушуна алып келүүгө аракеттенүүгө көкүткөндөй болгон, бирок андай амалдын ишке ашпай калганына бүт дүйнө күбө болгон. Россия Чыгышка жана Түштүккө бурулуп гана тим болбостон, калган бардык дүйнө үчүн атлантикалык дүйнө түзүмгө каршы туруп туу көтөргүчкө айланган. Мындай абройду эч кандай акчага сатып ала албайсың. Дал ошол кадыры жана Кремлдин эптүү геосаясаты менен Кытай жана АКШнын фонунда Россиянын жетишсиз экономикалык салмагын толуктайт. Бирок "Үлкөн үчилтик" дүйнөнүн жаңы түзүмүнө кантип таасир этет? АКШ — ылдыйга карай нук алган чоң держава, Кытай — күчкө толуп бараткан ири мамлекет. Россиянын орду кандай?

Россия — аларды бирде башка, бирде бөлөк жагына топтогон таразадагы гиря гана эмес, чоң роль ойноочу, эрежелерди аныктоочу, жаңы эрежелерди бекитүү үчүн жетиштүү абройго ээ.

Кытай менен биргеликте РФ постамерикалык дүйнөдөн көп полярдуу ааламга өтүүнүн жеңил формасын жактайт. Көп полярдуу дүйнө күч, баланс жана атаандаштыктын бир нече борборлорунан турат жана жаңы глобалдык дүйнө түзүмүнүн контурларын жаратат.

Түбөлүк эмес, бирок талкаланып бараткан азыркысына караганда туруктуу болот. Бул багытта Кытай менен РФ — анык союздаштар.

Кошмо штаттар үчүн Россия Федерациясы – АКШ – Кытай Эл Республикасы үчилтигинин ички мамилелери соңку жарым жылда Киссинжердин осуяттары боюнча каралып келген: Вашингтон Россия менен Кытайдын ортосундагы мамилеге караганда, Москва жана Пекин менен болгон мамилелердин өз-өзүнчө жакшырышына умтулган.

Бул формула эбак күчүн жоготкон, ал эми Си Цзиньпин бийликке келгени, тагыраагы, 2012-жылдан тарта бул мүмкүн да болбой калган. Ошентсе да Кошмо штаттар анын келечегинен үмүт үзгөн эмес. Алтургай, Россияны обочолонтуу аракетинин кооптуулугу жөнүндө, мындай кадам аны Кытайга ыкташына алып келери боюнча Киссинжердин кеңешине кулак салбаган 2014-жылдан кийин да бул формулага ынанган.

Чындыгында Россия жана Кытай Крымга да жакындаган, ансыз да бул стратегиялык курсун улантмак, Батыш менен Россиянын тиреши бул процесстерди дааналап жана тездетип койгон.

Бирок Вашингтон дале куру кыялдарга жетеленип, Россия менен Кытайдын ортосунда ушунчалык терең жана жоюлбай турган тиреш бар, алардын биримдиги туруктуу боло албайт, акыры баары бир жаңжал менен аяктайт же мамилелери сууйт, андыктан, АКШнын глобалдык лидерлигине бул тараптан коркунуч жок деп үмүттөнгөн.

Ушундай абалда АКШ 2016-жылга аяк баскан, ошол тушта атлантисттер үчүн күтүүсүз бийликке Дональд Трамп келген. Ал Кытай менен соода согушун баштап, Россия менен жакындашкысы келген, бул кадамдары менен дал Киссинжердин схемасы менен багыт алгандай болгон. Бирок иш жүзүндө Трамптын саясаты ага дейре "Үлкөн үчилтиктин" алкагында ойнолгон кызыкчылыктарды карманбай, жаңы, антиглобалисттик Америка – күчтүү улуттук мамлекет болууну көздөгөн. Ал бул ниетин ишке ашыруу үчүн бардыгына барууга, анын ичинде, өз өлкөсүнүн деградациясына да кайыл боло, улут үстүндөгү атлантикалык элиталардын дүйнөлүк үстөмдүгүн колдогон. Башкача айтканда, үч бурчтуктун алкагында азыр дүйнө түзүмүнүн үч душманы чогулушу — уникалдуу кырдаал. Албетте, Трамп, Путин жана Синин макулдаша билүүсү баары бир оңой-олтоң эмес. Державалардын ортосундагы геосаясый, соода-каржылык жана башка пикир келишпестиктерин эч ким жокко чыгарбайт.

Унификациянын глобалисттик долбоорлор жана дүйнөлүк үстөмдүк (АКШга таянуу менен) жана өз цивилизациялык моделин жашатуу укугун талаша жана башкалардын да ушундай эле укугун тааныган өлкөлөрдүн ортосунда эмес, мындай тиреш дал улуттук мамлекеттердин (империялар, мамлекет-цивилизациялар), башкача айтканда, бир системадагы координаттардын ортосунда.

Трамп — Путин — Си үчилтиги коронавируска чейин түшүнүктүү себептерден улам түзүлө элек болчу, бирок Кытай менен болгон соода согушу ага себеп эмес. Ал трамптык обочолонуу деминде болчу, анын активдүү фазасы глобалдык пандемия башталардын алдында дээрлик жарым-жартылай макулдашууга жетишүү менен аяктаган. Албетте, Кытайга ар тараптуу кысым көрсөтүү саясаты Кытай менен АКШнын ортосундагы кеңири стратегиялык сүйлөшүүгө болушунча тоскоол болуп, мындан тышкары, Трампка Путин менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн бөгөттөп койгон. Андай саясатка Трамп мезгил-мезгили менен кайрылган, айрыкча, анын айланасынын глобалисттик бөлүгү аны буга түрткүлөп турган. Быйыл күздө кайра шайланганы Трамптын эркиндиги мурдагыдан да арткан, анын ичинде "Үлкөн үчилтик" алкагындагы аракеттер үчүн да эркиндиги кеңейген.

Аны жаратууга алгачкы кадам катары Владимир Путиндин БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон өзөктүк державалардын саммитин өткөрүү демилгесин атоого болот. РФ президенти андай демилгесин быйыл январда Иерусалимде ортого салган.

"Чоң бешилтик", маңызында, президент Макрон тарабынан Европа менен толукталган "Үлкөн үчилтик" болуп саналмак, анткени Brexit фонунда АКШ жана Британия англосаксондук биримдик (анан калса геосаясый) айкын болмок.

Путиндин демилгесине баары макул болуп, саммит БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясы өтүп келген Нью-Йорк шаарында алдын ала сентябрь айына белгиленген.

Коронавирус дүйнөнү карантинге жапты. Бирок күзгө чейин пандемия басаңдайт. Эгер, албетте, Кошмо штаттар антикытайлык маанайга кабылбаса эле Макрон менен Жонсон сымал Путин менен Си Цзиньпин Нью-Йоркко чогулушат. Мисалга, сенатор Линдси Грэм коронавирус инфекциясынан улам америкалыктардын өлүмү үчүн Кытайды айыптап, АКШ бул мамлекетти катуу жазага тартышын, "өз жүрүм-турумун өзгөртүүгө мажбурлоого" чакырды. "Кытайга болгон карызыбыздын бир бөлүгүн кечүү маселесин козгойлу демекчимин. Анткени биз аларга эмес, алар бизге төлөшү керек!". Эгер ушундай сунушту Трамп билдирсе, анда сентябрдагы саммиттен кеп козгоого да болбой калмак,

Си Цзиньпин аны менен кезигүүдөн баш тартмак.

Бирок Трамп мындай тондо сүйлөбөйт, анткени бул жолугушуу Кытайга караганда Америкага көбүрөөк зарыл. Ал эми коронавирустан улам жаралган глобалдык каатчылык Трамптын глобалисттерге каршы көз карашын бекемдейт. Ал Россияга да зарыл, эгер коронавирустан кийинки дүйнө түзүмү боюнча канчалык эрте кеп козголо баштаса, жалпыга жакшы болмок.

Азырынча, "үлкөн үчилтик" Сталин, Рузвельт жана Черчиллди эске салат. Жакын арада ал жаңырышы ыктымал, бирок Трамптын ноябрда АКШ президенттигине кайра шайланышын күтүү туура болот. Анда 2021-жылы жаңы дүйнөнүн жаралышына күбө боло баштайбыз.

Тема боюнча

АКШ коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдү алууга камынууда
Белгилер:
дүйнө, тарых, саясат, кризис, пандемия, коронавирус, Россия, АКШ, Кытай

ЭҢ МААНИЛҮҮ