Аскер эксперти АКШнын Россиядан "шектенүүсү тууралуу": дагы жаза басабы

© REUTERS / Tom BrennerАКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Мексико штатында. Архив
АКШнын президенти Дональд Трамп Нью-Мексико штатында. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ Россия өзөктүк курал менен эксперимент жүргүзүп жатат деп шектенүүдө. Аскер эксперти, саясат таануучу Иван Коновалов Sputnik радиосунун эфиринде мындай билдирүүлөрдүн себебине токтолду.

Россия өзөктүк куралга байланышкан тажрыйбаларды жүргүзүп келиши ыктымал. Мындай пикир АКШнын мамдепартаментинин конгресске жыл сайын жасачу докладында айтылат.

"АКШ Россия өзөктүк куралга байланышкан эксперименттерди жүргүзүп, бул натыйжада өзөктүк энергиянын чыгып кетишин шарттады деп эсептейт", — деп айтылат документте.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш АКШ - Sputnik Кыргызстан
БУУнун башкы катчысы Трамптын ДССУну каржылоону токтотушун сынга алды
Муну менен катар мамдепартамент Россия дал ушундай тажрыйбаларды 2019-жылы жүргүзгөн деген так маалыматы жок экенин да белгиледи.

"Россия өзөктүк энергия жарылуучу контейнерден чыккыдай кылып эксперимент жасашы мүмкүн. Бул тынчсызданууну жаратат", — дешти департаменттен.

Мындан тышкары СССР менен АКШнын ортосунда өзөктүк куралды жер алдында сыноону чектөө боюнча 1974-жылы түзүлгөн макулдашууга ылайык, Москва өз тажрыйбалары тууралуу Вашингтонду кабардар кылбай жатышы мүмкүн деп да шек санап жатат. Мамдепартаменттин пикиринде, Москва мындай эксперименттери тууралуу Вашингтонго айтып турушу керек, АКШ өз кезегинде сыноонун верификациясын жүргүзөт. Мында АКШ Россияга эч кандай кине койбогону да белгиленди.

Sputnik радиосунун эфиринде аскер эксперти, Стратегиялык конъюнктура борборунун директору Иван Коновалов бул билдирүүгө комментарий берип, АКШ бардык тармактагы кызматташууга эбак чекит койгонуна токтолду.

"Биз жок дегенде ушул өзөктүк курал айдыңындагы кызматташууну жөн калтыралы деп сунуштаганбыз, бирок президент Дональд Трамп АКШнын өзөктүк потенциалын текшере турган болду. Бул эмнеден кабар берет? Америкалыктар кайрадан өзөктүк чокморуна киришти. Азыркы кырдаалда баары түшүнүктүү болуп турат, кезектеги макулдашуу жакпай, андан арылуу жолун издеп, ДРСМД боюнча колдонгон ыкманы пайдаланмакчы. АКШ ПВО системаларын чектөө боюнча келишимден чыгып бир жаза басты. Ал кезде Вашингтон Москваны алсыз деп эсептеп, баарына макул болорун боолгологон. Бирок ойлогон ою ишке ашпай, улам чалынып, башка жолун издөөгө туура келген", — деди Коновалов.

Эскерте кетсек, СССР менен АКШнын ортосунда 1974-жылы түзүлгөн өзөктүк куралды жер алдында сыноону чектөө боюнча макулдашууда сыноо жүргүзүлчү кубаттуулукка чектөө коюлган. Андан сырткары макулдашуунун шартын сактоо боюнча өз ара көзөмөл жүргүзүү каралган. Бул келишимдин алкагында АКШ менен Россия бири-бирине маалымат берип турууга милдеттендирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0