Россия коронавирусту июнь айында толук жеңери айтылууда

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүРеагенттер менен колбалар коронавирус текшерүү үчүн. Архив
Реагенттер менен колбалар коронавирус текшерүү үчүн. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны — 24 490. Анын ичинен 1 986 киши сакайып, 198 киши каза болду.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россияда коронавирус толугу менен июнь айынын башында же ортосунда жок болушу мүмкүн. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине Россиянын илимдер академиясынын академиги, Пирогов университетинин кафедра жетекчиси Александр Чучалин билдирди.

"Учурда коронавируска кабылган бир адам эки же үч кишиге вирус жуктуруп жатат. Дарыланып жана сакайып жаткандарды эсептеп көргөндө июнь айында Россия вирусту толугу менен жеңе алат", — деди Чучалин.

Белгилей кетсек, учурда Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны — 24 490. Анын ичинен 1 986 киши сакайып, 198и каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0